ПАРИЖ 2024: ДЕНИС ПЕТРАШОВ ҮМҮТТҮ АКТАЙ АЛБАДЫ

  • 27.07.2024
  • 0

ПАРИЖ 2024: ДЕНИС ПЕТРАШОВ ҮМҮТТҮ АКТАЙ АЛБАДЫ27-июлда Париж жайкы Олимпиада оюндарындагы сууда сүзүү боюнча мыктыларды иргеп алуу мелдештерине кыргызстандык суучул, Азия чемпиону Денис Петрашов катышып, 23-орун менен чектелди.

ПАРИЖ 2024: ДЕНИС ПЕТРАШОВ ҮМҮТТҮ АКТАЙ АЛБАДЫАл эркектер арасында 100 метрге брасс ыкмасындагы сүзүүдө өзүнүн тобундагы сегиз атаандашынын акыркысы болуп келип, (1 мүнөт 0,42 секунд) кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн актай албады.  Бул жыйынтык менен ал жарым финалга чыкпай калды. Бул аралыктагы жарышта 36 спортчу мөрөй талашып, алардын 16сыгана жарым финалга өттү.  Эми Денис Петрашов  30-июлда 200 метрге брасс ыкмасындагы жарышка катышат.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң таасирдүү спорттун бири болгон сууда сүзүү боюнча Парижге 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барып, байгелүү орундар үчүн мөрөй талашууда. Эл аралык сууда сүзүү уюмунун  маалыматы боюнча мелдештерге катышып жаткандардын 463чү эркек, 391и кыз-келиндер болуп саналат.  Сууда сүзүүдө жалпысынан 35 категорияда мелдештер өтүп, 35 комплект медаль жеңүүчүлөргө ыйгарылат.

24 жаштагы, эл аралык спорт чебери Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышууда. Ал 16 жашында 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасында 200 метрге жана 100 метрге брасс ыкмасындагы жарыштарга катышып, байгелүү орунга жеткен эмес.

Токиодогу Олимпиада оюндарында Петрашов 100 метрге брасс  ыкмасында сүзүүдө марага 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген.

Дагы бир кыргызстандык суучул, 20 жаштагы Елизавета Печерских (мурдакы фамилиясы Рогожникова) 3-августа кыз-келиндер арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдеште өлкө намысын коргойт.

ПАРИЖ 2024: ДЕНИС ПЕТРАШОВ ҮМҮТТҮ АКТАЙ АЛБАДЫ26-июлда  Парижде  расмий ачылыш салтанаты менен башталган Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 205 өлкөдөн 10 миң 500дөй спортчу мелдешке катышып жатат. Жалпы 32 спорт түрүнөн  329 комплект медаль үчүн таймашуулар курч мүнөздө болмокчу.  Ушуну менен Париж шаары Лондондон кийин үчүнчү ирет Олимпиада оюндарынын отун жандырып жатат. Бул шаарда жайкы Олимпиада оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Мелдештин алгачкы күнүндө кытайлык спортчулар ок атуу жана бийиктиктен ойкуп-кайкып сууга секирүүдө алтын медаль утуп, байге эсебин ачты.

26-июлда Олимпиаданын ачылыш салтанатына өлкө Президенти Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.

ПАРИЖ 2024: ДЕНИС ПЕТРАШОВ ҮМҮТТҮ АКТАЙ АЛБАДЫКыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Эки суучулду кошпогондо алардын ону балбандар, экөө дзюдочу, бирден жеңил атлетчи жана мушкер болуп саналат.

28-июлда дзюдо  күрөшү боюнча 66 килограммга чейинки салмакта   Кубанычбек Айбек уулу 1/32 финалда украиналык Богдан Ядов менен күч сынашат. Таймашуулар бишкек убактысы боюнча 14:00дө башталат.

Кыргызстандык спортчуларды сүрөөнгө алып, колдоп туралы.

 

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер