«PANNONIA» Кыргыз-Венгер билим берүү борбору ачылды

  • 26.11.2024
  • 0
25-ноябрда  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «PANNONIA» аттуу Кыргыз-Венгер билим берүү борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
«PANNONIA» Кыргыз-Венгер билим берүү борбору ачылды

Бул борбор Эл аралык Жогорку Логистика Мектебинин базасында түзүлүп, университеттин билим берүү жана илимий инфраструктурасында маанилүү бөлүккө айланмакчы.

«PANNONIA» борборунун ачылышы Кыргызстан менен Венгриянын билим берүү тармагындагы алакаларын жаңы деңгээлге көтөрдү. Борбордун негизги багыттарынын бири – эки дипломдук магистрдик программаны ишке ашыруу.

«PANNONIA» Кыргыз-Венгер билим берүү борбору ачылды

Бул программа студенттерге Венгриянын Мишкольц университетинин дипломдорун бир учурда алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Андан тышкары, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө басым жасалып, студенттер жана окутуучулар тажрыйба алмашып, биргелешкен илимий долбоорлорго катышып, Венгрияда окуу жана стажировкадан өтө алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер