ОШТУ МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРУ

  • 23.10.2024
  • 0

ОшТУ табигый кырсыктарды алдын-алуу, кырсык учурунда коопсуздукту камсыздоо багытында түштүк кореялык Weatherpia Co., Ltd компаниясы менен кызматташат.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, эки тараптын кызматташуусу талкууланган жолугушууга ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев, түштүк кореялык Weatherpia Co., Ltd компаниясынын башкы директору Лим Санг Вук, башкы менеджери Канг Сео-ёнг, башкы менеджердин орун басары Кён Хунмо, изилдөөчүлөр Бек Йе Рим, Ким Хён Соль катышты. Анда буга чейинки жолугушууларда айтылган маселелер талкууланып, Weatherpia Co., Ltd менен ОшТУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

ОШТУ МЕНЕН ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН БИРГЕЛЕШКЕН ДОЛБООРУ

Мындан ары ОшТУ менен Weatherpia Co., Ltd компаниясы Ош облусунда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин алдын-ала эскертүү системасын түзүү жана табигый кырсыктар учурунда коопсуздукту камсыздоо, кырсыктарды болтурбоо, алдын-алуу технологияларын өнүктүрүүнүн потенциалын жогорулатуу маселелери боюнча долбоорлорду түзүп, изилдөө иштерин жүргүзүшөт.

Маалымат үчүн айта кетсек, Weatherpia Co., Ltd — климаттын өзгөрүшүнө жооп кайтаруу, анын ичинде аба ырайын талдоо, аба ырайы жана климаттык технологиялар менен камсыздоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча потенциалды жогорулатуу боюнча дүйнөлүк компания. Анын башкы кеңсеси Түштүк Кореяда жайгашкан.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим

Бөлүшүү

Комментарийлер