ОШТУНУН СЫЙМЫКТУУ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ
- 10.02.2026
- 0
2026-жылдын 7–8-февралында Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү жогорку жыйынтыктарга жетишти.
Мелдештин жүрүшүндө спортчулардын бири 3000 метр аралыкка чуркоодо 8 мүнөт 23 секунд жыйынтык көрсөтүп, бешинчи орунду ээледи. Ошондой эле 1500 метр аралыкта 3 мүнөт 54 секунд жыйынтык менен чуркап өтүп, Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамын аткарды.
Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанды эл аралык спорт аренасында татыктуу көрсөтүп келишет. Бул жетишкендиктер алардын ар кайсы тармакта, анын ичинде спортто да жогорку ийгиликтерге жетишип жатканынын айкын далили.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Бөлүшүү





Комментарийлер