ОШТУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕДИ

  • 02.04.2026
  • 0

ОшТУнун студенттери К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жогорку окуу жайлар арасында менеджмент предмети боюнча уюштурган топтук форматтагы эл аралык олимпиададан байгелүү кайтты.

Олимпиаданын негизги максаты — студенттердин менеджмент тармагындагы билим деңгээлин жогорулатуу, долбоорлорду иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана алган билимдерин келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө натыйжалуу колдонууга багыттоо болуп саналат.

Аталган олимпиадага Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунан МЛжТ кафедрасынын окутуучусу З.М. Тарыкчиев жетектеген команда катышты. Команданын курамына ЛОГ-23 тайпасынын студенти Ж.Топчубаева, ЛОГ-24 тайпасынын студенттери С.Төрөкулова, А.Кыргызбаев, Канатбек кызы Айназ жана ЛОГ+ЛФБД-25 тайпасынын студенти Т.Муратова кирди.

Студенттер үч этапта: менеджмент предмети боюнча жекелик тест, ишкананын мисалында долбоорду презентациялоо, командалык квест оюну боюнча күч сынашты.

ОшТУнун командасы жогорку окуу жайлар арасындагы таймашта командалык квест оюнунан I орунду, долбоордук презентация боюнча III орунду камсыздады. Мындан сырткары, команда капитаны Ж.Б. Топчубаева «Мыкты капитан» номинациясы менен сыйланды.

Олимпиаданын жыйынтыгында катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан сертификаттар, кубок жана маалыматтык буклеттер тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдү Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов кабыл алып, аларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы окууларында жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер