ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ БИШКЕКТЕГИ СЕМИНАРГА КАТЫШТЫ
- 26.09.2023
- 0
Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Германиянын Саарланд университети тарабынан биргеликте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн семинарга ОшТУнун компьютердик лингвистика кафедрасынын башчысы менен биргеликте окутуучулар курамы катышты.
“Табигый тилди иштетүү (NLP) жана корпустук лингвистика” деп аталган семинарга котормо жана котормо таануу, синхрондук котормо багытында иш алып барган адистер, лингвисттер, аспирант, магистранттар катышты.
Катышуучулар акыркы тенденциялар жана инновациялар менен таанышууга, өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, тармактагы башка адистер менен байланышууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Мында тил ышкыбоздорунун, изилдөөчүлөрдүн, эксперттердин аталган тармактагы акыркы жетишкендиктерин изилдөөлөрү, информатика, жасалма интеллект жана тил илиминин кесилишинде орун алган табигый тилди иштетүү технологиялары боюнча теориялык жана практикалык тажрыйбаларды бөлүшүү тууралуу талкуу болду.
Комментарийлер