ОШТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АКЫСЫЗ ЭС АЛУУДА
- 29.07.2024
- 0
Ош технологиялык университетинде көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын окуу жайга арнап келе жаткан окутуучулар Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Арстанбап эс алуу жайында эс алышууда.
ОшТУнун басма сөз кызматы кабарлагандай, эс алууга жөнөтүлгөн университеттин беш окутуучусу Ош облустук Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан толугу менен каржыланды.
Бөлүшүү
Комментарийлер