ОШТУНУН ОКУМУШТУУСУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

  • 04.10.2023
  • 0

Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы кафедрасынын башчысы т.и.к, доцент, РФнын Кубан малекеттик технологиялык университетинин докторанты Жылдыз Ирматова аталган университеттин 105 жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келди.

ОШТУНУН ОКУМУШТУУСУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Ж.Ирматова Конференцияда  “КР үчүн ун азыктарынын инновациялык технологиясын иштеп чыгуу” аталыштагы темада доклад жасады. Ошондой эле, бир жумага созулган илимий сапарынын алкагында илимий-педагогикалык квалификациясын жогорулатты. Бул күндөрү илимий жетекчиси менен биргеликте “Ун азыктарынын инновациялык технологиясын иштеп чыгуу” аталыштагы программа менен заманбап жабдуулар менен жабдылган лабораторияда илимий анализдерди жасады, инновациялык ун азыктарынын рецептураларын иштеп чыкты. Жасалган пробаларга институттун магистрлери  жана окутуучулары тарабынан дегустация  жасалды.

Кубан мамлекттик технологиялык университети тарабынан Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Жанболот Турсунбаевге ыраазычылык кат жолдонуп, мындан ары биргелешип иш алып барууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер