ОШТУГА ТҮШТҮК КОРЕЯДАН ЫКТЫЯРЧЫЛАР КЕЛДИ
- 11.03.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев Түштүк Кореядан келген ыктыярчылардын тобун кабыл алды.
“Жаңы Ош” деп аталып беш адамдан турган ыктыярчылардын тобун Choe Yuna жетектейт. Аталган ыктыярчылар бул долбоордун алкагында ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу институтунда экология кафедрасы үчүн экологиялык окуу борборун түзүп, ОшТУнун аймагында ландшафт чөйрөсүн жакшыртуу боюнча иш алып барат. Андан тышкары, университеттин студенттери үчүн айлана-чөйрөнү коргоонун зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатып, экологиялык билим берүүнүн базасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында мугалимдер үчүн педагогикалык билим берүү багытында да иш алып барышмакчы. Ошондой эле университеттин “Орус тили жана славян маданияты борборунда” кошумча орус тилин окуп үйрөнүүгө мыкты шарт түзүлөрү күтүлүүдө.
Уюштуруучулардын айтымында былтыр сентябрь айынан башталган “Жаш ыктыярчылардын долбоорунун” ишмердүүлүгү 2026-жылга чейин созулмакчы.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер