ОШТУДА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ТААСИРИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 05.06.2023
- 0
Ош технологиялык университетинин информатика кафедрасы “Жасалма интеллект — бүгүнкү күндүн талабы” деп аталган тегерек стол уюштурду.
Иш-чарага жасалма интеллектке тийиштүү мекемелердин адистери, окуу жайдын окутуучулары, студенттер жана магистрлер катышышты. Бул иш-чара кафедранын иш планына ылайык предметтер боюнча ай сайын өткөрүлүүчү тегерек стол, семинарлардын негизинде уюштурулду. Мында жасалма интеллекттин адамзат коомундагы орду, анын өндүрүшкө жана күнүмдүк жашоого тийгизген таасири, колдонуудагы көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилип, сунуш-пикирлер айтылды. Прага шаарынан Вацлав Пала маалымат коопсуздугу боюнча онлайн маалымат берди.
Жасалма интеллект термини алгоритмдердин айкалышы аркылуу адамдын мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн иштелип чыккан машиналар тарабынан жүргүзүлүүчү чалгындоо операцияларын билдирет. Тагыраак айтканда, жасалма интеллект — бул белгилүү бир машиналардын айлана-чөйрөнү кабыл алуусуна жана ага адамдын мээсине окшоп жооп берүүсүнө жол ачат. Бул ой жүгүртүү, кабыл алуу, үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу функцияларды аткара билүүнү камтыйт.
Комментарийлер