ОШТУДА XXIII СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

  • 13.01.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин арасында спорттун 6 түрү боюнча институттар жана структуралык бөлүмдөр аралык XXIII спартакиадасы салтанаттуу түрдө башталды.

Иш-чаранын ачылыш аземине ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев катышып, салтка айланып калган спорттук мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Бүгүн спартакиаданын алкагында волейбол боюнча алгачкы беттештер өткөрүлүп, институттар менен структуралык бөлүмдөрдүн командалары активдүү катышты.

Спартакиада белгиленген спорт түрлөрү боюнча улантылмакчы.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер