ОШТУДА ӨТКӨН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ

  • 26.11.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинде КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги Инновациялык маалымат технологиялар институту менен биргеликте жеке маалыматтарды коргоо боюнча семинар-тренинг өткөрдү.

Окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышкан иш-чарада билим берүү системасындагы жеке маалыматтарды коргоо, окутуучу менен студенттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жана санариптик гигиена, киберкоопсуздук, жалпы эле санариптик чөйрө боюнча маалыматтар жөнүндө кеңири сөз болду. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмамбет Касымбеков агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, Ош технологиялык университети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен көптөн бери кызматташып келет.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер