ОШТУДА ОНЛАЙН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ ӨТТҮ

  • 20.04.2020
  • 0

13-17-апрелде Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин жүз элүүгө жакын профессордук-окутуучулук курамына аралыктан окутуунун технологияларын колдонуу менен студенттерге билим берүү боюнча усулдук жардам көрсөтүү үчүн онлайн режиминде семинар-тренинг уюштурулду.

ОШТУДА ОНЛАЙН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ ӨТТҮ

Тренинг учурунда окутуучулар видеосабактарды түзүү, социалдык тармактарда өздүк баракчалар менен иштөө, аралыктан билим берүүдө ыңгайлуу болгон AVN программасын, Google classroom, Zoom, IRecorder, Bandicam программаларын жана алардын мобилдик версияларын тереңдеп өздөштүрүштү. Информатика, программалоо жана байланыш кафедрасы тарабынан уюштурулган бул иш-чарага жергиликтүү уюмдар да тартылды.

Окутуунун бир бөлүгүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Ош, Баткен областтык филиалдарынын санариптештирүү боюнча IT-адиси Ташибеков Тариель  алып барып, катышуучулар арасында кызыктуу талкуулар жүрдү. Окутуучулар аралыктан окутууда кездешип жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөнүштү.

ОШТУДА ОНЛАЙН СЕМИНАР-ТРЕНИНГ ӨТТҮ

Жыйынтыгында студенттер менен аралыктан байланыш жакшырып, жаңы баскычка көтөрүлгөндүгү, социалдык тармактарда окутуучулар тарабынан жүктөлгөн видеосабактардын санынын кескин түрдө өскөндүгү байкалды. Бул тренинг  жалпы эле окутуучулар үчүн аралыктан окутууда чоң усулдук жана техникалык жардам болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер