ОшТУда Кытай менен биргеликте жаңы Эл аралык архитектура институту түзүлдү

  • 24.03.2026
  • 0

2026-жылдын 24-мартында Ош технологиялык университетинде Сиань архитектура жана технология университети менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында расмий жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда тараптар САТУ–ОшТУ Эл аралык архитектура институтун түзүү боюнча макулдашууга жетишип, институттун Уставына расмий кол коюшту. Жаңы түзүлгөн институт Кытай Эл Республикасынын Сиань архитектура жана технология университети жана Кыргыз Республикасынын Ош технологиялык университети тарабынан биргелешип башкарылган эл аралык билим берүү мекемеси болуп саналат.

ОшТУда Кытай менен биргеликте жаңы Эл аралык архитектура институту түзүлдү

Институт архитектура жана курулуш багыттарында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана билим берүү процессине инновациялык ыкмаларды киргизүү максаттарын көздөйт. Ошондой эле «Курулуш» жана «Архитектура» багыттары боюнча окуу пландары макулдашылып, 2+3 форматындагы биргелешкен программага өзгөчө көңүл бурулду.

Аталган программага ылайык, студенттер алгач 2 жыл ОшТУда, андан соң 3 жыл Сиань архитектура жана технология университетинде билим алышат. Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө эки университеттин талаптарына ылайык диплом берүү каралууда.

ОшТУда Кытай менен биргеликте жаңы Эл аралык архитектура институту түзүлдү

Бул демилге студенттер үчүн эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана эки университеттин стратегиялык кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер