ОШТУДА ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ СЕМИНАРЫ ӨТҮҮДӨ

  • 06.02.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинде «Сапаттуу билим берүүдөгү педагогикалык чеберчиликтер» аталышындагы семинар өтүп жатат.

Иш-чара 2026-жылдын 3-февралынан 13-февралына чейин уюштурулуп, окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Семинардын жүрүшүндө заманбап окутуу ыкмалары, мугалимдин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү, сабактын сапатын жогорулатуу жолдору, тажрыйба алмашуу жана практикалык сунуштар боюнча баяндамалар жасалууда.

Аталган иш-чара Билим берүүнүн сапаты, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулуп, окутуучулар үчүн пайдалуу тажрыйба алууга жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Бул семинар университетте билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана педагогикалык потенциалды өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер