ОШТУДА “БИЛИМ ОРДО” ОЮНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 17.02.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинде Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институту тарабынан уюштурулган «Билим Ордо» аттуу интеллектуалдык оюн болуп өттү.

Иш-чара Колдонмо математика жана информатика кафедрасы тарабынан өткөрүлүп, анын негизги максаты студенттердин достугун чыңдоо жана интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу болду.

Интеллектуалдык таймашка жалпы 9 команда катышып, оюн жогорку деңгээлде уюштурулду. Жыйынтыгында биринчи орунду “Чексиз” командасы, экинчи орунду “Энигма” командасы ээлесе, “Логос” командасы үчүнчү орунга татыктуу болду.

Мындан сырткары, «Билерман команда» номинациясы «Логика+» командасына, ал эми «Билерман оюнчу» номинациясы Нурмамат кызы Аймээримге ыйгарылды.

Жеңүүчүлөр жана номинация ээлери дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер