ОШТУДА «АТАМ, АПАМ, МЕН – ТЕХНИКАЛЫК ҮЙ-БҮЛӨ» СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 06.11.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде Ош облусунун мектеп окуучуларынын арасында “Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлө” сынагы өткөрүлдү Ал “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулду.

Аталган сынакка жалпы 9 команда катышып, өздөрүнүн инженердик жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү катышып, таланттуу жаратман окуучуларга жана ата-энелерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Нурланбек Танаков катышуучуларга ийгилик каалап, бул сыяктуу долбоорлор жаш жеткинчектердин инженердик жөндөмүн өнүктүрүүдө жана “Акылдуу шаар” концепциясын ишке ашырууда маанилүү экенин белгиледи.

Сынактын жүрүшүндө Ош технологиялык университетинин окутуучулар жамааты калыстык милдетин аткарышты.

Жыйынтыгында:

  • 1-орунду Кара-Суу районунан “Ак Шумкар” жана Чоң-Алай районунан “Смарт Go” командалары ээледи;
  • 2-орунду Ош шаарынан “Рай” жана Ноокат районунан “Жаш жаратман” командалары ээледи;
  • 3-орунду Кара-Кулжа районунан “Техно үй-бүлө” жана Алай районунан “Прогресс” командалары ээледи.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер