ОШТУ СТУДЕНТТЕРИН КУТТУКТАДЫ

  • 18.11.2022
  • 0

ОШТУ СТУДЕНТТЕРИН КУТТУКТАДЫ

Ош технологиялык университетинин студенттери үчүн Хан-Ордо ресторанында майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Окуу жайдын ректору Ж. Турсунбаев баштаган бардык жетекчилер студенттерди куттуктап, аларга студенттик жылдарындагы окууларына ийгилик каалап, окуу жайдын коомдук турмушунда жана окууда мыкты жетишкендиктерге жеткен алдыңкы студенттерге Ардак грамоталар жана баалуу белектерди тапшырды. Мындан сырткары, Ош шаардык Жаштар комитетинин жетекчилиги тарабынан биздин мыкты студенттерге грамота жана белектер берилди.

ОШТУ СТУДЕНТТЕРИН КУТТУКТАДЫ

  • Студенттик жылдар ар бир адамдын чоң турмушка сапар алып, коомго ылайыкташуу доорунун башталышы болуп эсептелет. Бул мезгилде жашоонун бардык кырдаалдарына үйрөнүп, келечекте өз ордун татыктуу табууга аракет кылуу башталат. Анткени белгилүү бир кесиптин ээси болуп, ошол билим, кесип аркылуу жашоого мүмкүнчүлүк берилээрин көпчүлүк жаштарыбыз түшүнүп калган учур болуп эсептелет. Биздин университет жаштарга билим берүүдө ар дайым алдынкы орундарда болуп келген. Биздин бүтүрүүчүлөр республикабыздан сырткары алыскы жана коңшулаш өлкөлөрдө өз адистиктери менен ийгиликтүү эмгектенип жатышат, — дейт окуу жай жетекчиси куттуктоо сөзүндө.

 

Ч.К. “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер