ОШТУ НАВОИ ПАРКЫН ЖАШЫЛДАНДЫРУУГА КАТЫШТЫ
- 12.02.2026
- 0
Президент С.Н. Жапаровдун “Жашыл Мурас” демилгеси менен Ош шаарынын мэриясы Алишер Навои паркында жашылдандыруу иштери активдүү жүрүп жатат. Ага 2000ге жакын көчөт отургузулууда.
ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев баштаган жамаат бул экологиялык иш-чарага активдүү катышты. Бул демилге шаар экологиясын жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган.
ОшТУ мындан ары да коомдук жана экологиялык иш-чараларга катышууну улантмакчы.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Бөлүшүү




Комментарийлер