ОШТУ КЫТАЙ ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КҮЧӨТӨТ

  • 16.01.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев жетектеген делегация Кытай Эл Республикасына иш сапар менен болуп, бир катар окуу жайлар менен эки тараптуу кызматташуу келишимдерине кол коюп кайтты.  

Иш сапардын жүрүшүндө Ж.Турсунбаев кытайлык студенттерди, магистрлерди, жаш илимпоздорду докторантурада жана аспирантурада окуу үчүн ОшТУга окууга чакырып, эл аралык масштабда университеттин билим берүү ресурстарын пайдаланууну сунуштады.

ОшТУнун делегациясы Шаньдун айыл чарба жана инженердик жалпы бакалавриат университетинин ректору Li Jinjing жетектеген курамы менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кеңейтилген форматта кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөр болуп, академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү ж.б. маселелерде кызматташуу туурасында келишимге кол коюлду. Университеттин ректору Li Jinjing “Биздин байланыштар өзгөчө мааниге ээ болуп, биздин тыгыз байланыштар эки өлкөнүн кызматташуу мамилелеринин өнүгүүсүнө чоң салым кошот” – деп белгиледи. Аталган университет инженердик, маалымат технологиялары, технология, тамак-аш, агрономия, экономика, ж.б. 30 бакалавриат багытында адистерди даярдайт. Анда күндүзгү бөлүмдө 16 миң студент окуп, 900дөн ашуун профессордук-окутуучулар курамы эмгектенет.

ОШТУ КЫТАЙ ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КҮЧӨТӨТ

ОшТУдан барган делегация андан кийин Хэцзэ университетинин ректору Sun Jianchang менен жолугушту. Хуанхэ дарыясынын жээгиндеги Хэцзе шаарында жайгашкан бул университет 1949-жылы негизделген. Электрондук инженерия, компьютердик инженерия, маалымат инженериясы, химиялык инженерия, айлана-чөйрө, экономика, ж.б. 66 бакалавриат багытында адистерди даярдайт. Учурда 23 миңден ашуун студентке 700 профессордук-окутуучулар курамы (анын ичинен 360 окутуучу PhD) сабак берет. Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин жетекчилиги өз бүтүрүүчүлөрүн ОшТУда магистратурада улантуу туурасында бир чечимге келишти. ОшТУ – аталган университет менен Борбордук Азиядан биринчи кызматташып жаткан окуу жай экенин баса белгилеген ректор, бул кызматташуу Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мүчө мамлекеттердин университеттери катары кызматташуу бири-бирине пайда алып келерин билдирди.

ОШТУ КЫТАЙ ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КҮЧӨТӨТ

Ал эми Чжэнчжоу шаарындагы Хэнань экономика жана укук университетиндеги жолугушууда кыргыз делегациясын университеттин ректору Si Linsheng кабыл алды. Университеттин эл аралык кызматташуу боюнча проректору Zhu Jinrui кеңейтилген жумушчу жыйын өткөрүп, андагы экономика, геоинформатика, маалымат технологиялары багыттары боюнча студенттердин жана окутуучулардын академиялык программада алмашуусун жүргүзүү, илимий-изилдөөлөрдө тажрыйба алмашууну жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, алдын ала консенсуска жетишкенин кубануу менен белгилөөгө болот.

ОШТУ КЫТАЙ ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУН КҮЧӨТӨТ

ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев жетектеген делегация андан ары Шанцю шаарында болуп, андагы Шанцю педагогикалык университетинин ректору Chen Xiangwei менен жолугушту. Кыргыз делегациясы окуу жайдын математика жана статистика, геодезия жана пландоо, эл аралык билим берүү, окутуучулардын билимин жогорулатуу факультеттеринде болушуп, жолугушууларды өткөрүштү. Окутуучулар менен студенттердин академиялык алмашуусу, кредиттерди өз ара таануу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча пикир алышкан соң, эки тарап бир консенсуска жетишти.

Жыйынтыгында, кызматташуунун алгачкы кадамы катары биргелешкен меморандумга кол коюшту. Алар эки университеттин эл аралык таасирин кеңейтүүгө салым кошкон «Бир алкак, бир жол» программасынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда маданий алмашууну жана интеграцияны өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн билдиришти.

ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев жетектеген курам иш сапардын соңунда окуу мекемелери үчүн эмеректерди даярдап чыгарган Shandong rifa textile machinery co., ltd компаниясынын  өндүрүштүк мекемесинде болуп, заманбап жабдуулар менен таанышып чыкты.

 

Асылзат ЭРГЕШОВА, Ош шаары.

Бөлүшүү

Комментарийлер