ОШТУ КОРЕЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШ

  • 27.03.2025
  • 0

ОшТУга Бишкек шаарындагы Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Джо Чану мырза келди. Аны ОшТУнун ректору профессор Ж.Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Университеттин корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг жана Ким Бугу мырза катышкан жолугушуунун жүрүшүндө Джо мырза Корея өлкөсүнө барып окуп жаткан кыргызстандык студенттердин басымдуу бөлүгү ОшТУнун Корей тил борбору аркылуу кетип жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун алкагында 2025-2026-окуу жылында атайын уюштурула турган конкурстар тууралуу да кеңири сөз болду.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер