ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДЕ ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ

  • 21.11.2025
  • 0

Ош шаарындагы мектептерде окуучулар арасында өз ара мамилени бекемдеп, диалог маданиятын өнүктүрүүгө багытталган жаңы кадам жасалды. Тактап айтканда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругуна ылайык, шаардагы бардык мектептерде тынчтык клубдары түзүлүүсү колго алынды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын усулчусу Салтанат Жүдөшова билдирди.

ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДЕ ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Анын айтымында, бул аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө” Жарлыгын, ошондой эле «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында ишке ашууда. Муну менен катар аталган демилге окуучулардын өз ара түшүнүүсүн бекемдеп, этностор аралык ынтымакты чыңдоодо жана жаштардын социалдык активдүүлүгүн арттырууда маанилүү роль ойнойт деп күтүлүүдө.

— Тынчтык клубдарын ачуу менен жаштар арасында Кыргыз жараны катары өзүн таануу сезимин бекемдөө жана коомдо ынтымакты чыңдоого багытталган иш-чараларды системалуу уюштурууну пландап жатабыз. Буйрукка ылайык бардык мектептерде тынчтык клубдары атайын Жобонун негизинде активдүү окуучулардын курамы менен түзүлүп, ага негизги жооптуу катары соцпедагогдор дайындалды, – дейт С. Жүдөшова.

ОШТОГУ МЕКТЕПТЕРДЕ ТЫНЧТЫК КЛУБДАРЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 19-ноябрь күнү Ош шаарындагы № 56 “Чолпон” орто мектебинде шаардагы социалдык педагогдор үчүн тынчтык клубун түзүү жана анын маанилүүлүгү боюнча атайын семинар уюштурулуп, анда IPD уюмунун Оштогу координатору Гүлзат Жаанбаева жана тынчтык клубдарын ийгиликтүү иштетип жаткан мугалимдер өз тажрыйбаларын бөлүшкөн.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер