Ошто “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
- 18.09.2023
- 0
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иш-чара бүгүн, 18-сентябрда саат 09:30да ачылат. Көргөзмө-жарманкеге Россия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй облустарынын жеке ишкерлери катышат.
Иш-чаранын максаты – ата мекендик компаниялардын продукциясынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгышына көмөк көрсөтүү, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү, мындан ары да өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана чыңдоо.
Жарманкенин алкагында Кыргызстан менен бир нече өлкөнүн ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коет деп күтүлүүдө.
“Түштүк Экспо — 2023” көргөзмөсү боз үй шаарчасын жана гастрономиялык борборду ачуу жана концерттик программа менен коштолот.
Комментарийлер