ОШТО ОКУУЧУЛАР ОРТОСУНДА “АКЫЛТАЙ” СЫНАГЫ ӨТӨТ

  • 28.11.2017
  • 0

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жылдык планынын негизинде шаардагы мектептер арасында  “Акылтай” (кубик рубика) сынагы  өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Руслан Закиров билдирди.

ОШТО ОКУУЧУЛАР ОРТОСУНДА “АКЫЛТАЙ” СЫНАГЫ ӨТӨТ

Маалыматка ылайык, аталган сынактын I (мектептик) баскычы буга чейин шаардагы мектептерде өтүп, 30-ноябрь күнү шаардагы № 52 «Кыргыз-түрк достугу» атындагы мектеп лицейинин базасында II (шаардык), башкача айтканда финалдык баскычы өткөрүлмөкчү.

«Бул сынакты уюштуруудагы негизги максатыбыз – окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багыттоо, алардын кубик рубик менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана кубикти ыкчам топтогон окуучуларды ЖМК аркылуу башка аренага чыгаруу аркылуу коомчулуктун бул саамалыкка кызыгуусун арттыруу болуп саналат» — дейт Р. Закиров

Бөлүшүү

Комментарийлер