Ошто Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
- 21.03.2026
- 0
21-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз элдик майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарага Марлен Маматалиев, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Ошондой эле майрамга шаар тургундары жана коноктор көп чогулду.

Жетекчилер элди жаздын жана жаңылануунун символу болгон Нооруз майрамы менен куттуктап, кыргызстандыктарга ынтымак, береке жана тынчтык каалашты.
Майрамдык иш-чара маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрүнүштөр жана концерттик программа менен коштолду. Анда улуттук каада-салттар, элдик ыр-бийлер жана кыргыз элинин маданий баалуулуктарын чагылдырган чыгармалар тартууланды.
Бөлүшүү




Комментарийлер