Ошто билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуулар уланууда

  • 25.03.2026
  • 0

24-мартта Ош шаарында шаардык мэриянын кызматкерлери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өттү.

Ошто билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуулар уланууда

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Лира Самыкбаева баштаган министрликтин өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов катышты.

Жолугушууда министрликтин өкүлдөрү билим берүү тармагындагы негизги багыттар боюнча презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле билим берүү системасындагы актуалдуу маселелер талкууланып, жергиликтүү жетекчилердин сунуш-пикирлери угулду.

Ошто билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушуулар уланууда

Белгилей кетсек, 24–25-март күндөрү Агартуу министрлигинин жетекчилиги Ош шаарына жана Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен барып, билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүп, тармактагы актуалдуу маселелерди талкуулоодо.

Бөлүшүү

Комментарийлер