ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨ

  • 18.08.2025
  • 0

ОшМУнун аймагында билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин көргөзмөсү август кеңешмесинин катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө бурду.  Мында STEM/STEAM долбоорлору, санариптик платформалар, педагогикалык инновациялар, ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлдү.

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги уюштурган “Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форумунда эки күндүн ичинде катышуучуларды панелдик талкуулар, секциялык отурумдар жана Оштогу мектептерге, бала бакчаларга жана лицейлерге практикалык экскурсиялар күтөт.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨФорумдун көңүл чордону  Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн негизги багыттары болууда. Баарынан мурда, бул – улуттук билим берүүнүн жаңы модели болгон  12 жылдык окутууга өтүү. Ушул окуу жылынан тартып эле 1, 2, 5, 7-класстар жаңы стандарттар боюнча билим ала баштайт.  Ал үчүн педагогдор квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүп, заманбап билим берүү усулдарын үйрөнүүдө. Мектептер этап- этабы менен жаңы окуу китептерине, электрондук ресурстарга жана окутуунун заманбап методдоруна өтүү иш-аракеттери башталды.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨӨлкө аймагында мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жаңы окуу жылынан тартып бала бакчалар 1 жаштан 5 жашка чейинки балдарды камтыган жаңыланган программалар менен иштей баштайт. Педагог-мугалимдердин негизги милдети – балдарды социалдаштыруу, негизги окуу көндүмдөрүн калыптандыруу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү. 2030-жылга карата бүткүл өлкө боюнча балдардын кеминде 80% мектепке чейинки билим берүү менен камтууга жетишүү пландалып, жеке менчик бала бакчаларды уюштурууга ишкерлерге жеңилдиктер берилмекчи.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨДагы бир маанилүү максаттардын бири – кошумча кесиптик билим берүү. Форумдун катышуучулары ийримдер, секциялар жана долбоорлор балдарга когнитивдик көндүмдөрүн өрчүтүүгө, социалдашууга жана өз таланттарын табууга кантип жардам берерин талкуулап, пикир алмашканы менен баалуу.  Ошондой эле тарбия ишине, ата-энелер менен өз ара аракеттенүүгө жана коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүүгө көп көңүл буруу маселелери да талкууланмакчы.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨФорумдун дагы бир багыты – кесиптик лицейлерди трансформациялоо. Бүгүнкү күндө экономиканын өнүгүүсү, айрыкча энергетика, туризм, айыл чарба жана IT сыяктуу тармактарда кадрларды даярдоонун сапатынан түздөн-түз көз каранды. Кеп окутуунун түзүмүн жана мазмунун модернизациялоо жөнүндө гана эмес, ийкемдүү билим берүү траекторияларын киргизүү, иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөргө жарым кесиптик деңгээлдеги сертификаттарды берүү жөнүндө да болуп жатат. Бул бүтүрүүчү аттестат менен катар кошумча көндүмдөрдү жана тастыкталган сертификатты (мисалы, башталгыч деңгээлдеги бухгалтер, ашпозчу,  айдоочу, чачтарач, фермер же IT адис) ала алат дегенди билдирет. Мындай ыкма жаштарга эмгек рыногунда тезирээк ыңгайлашууга жана келечектеги кесибин аныктоого мүмкүндүк бермекчи.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨПедагогдорду даярдоо маселеси өзүнчө талкууланганы турат.  12 жылдык билим берүүгө ийгиликтүү өтүү үчүн өлкөгө жаңы формациядагы мугалимдер керек. Алар – заманбап окутуу стандарттарын жана технологияларын билген, электрондук окуу китептери менен кантип иштөө керектигин түшүнгөн, окутуунун натыйжалуу ыкмаларын жана санариптик шаймандарды колдоно алган адистер. Кыргызстандын ЖОЖдору учурдун талабына жооп берген ушундай педагогдорду даярдоо милдетин өзүнө алышы керек.

Форумдун жыйынтыгы боюнча 19-августта жакынкы жылдарга Кыргызстандын билим берүүсүн өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктай турган Резолюция кабыл алынат.

ОШТО АВГУСТ ФОРУМУ ЖИГЕРДҮҮ ӨТҮҮДӨ“Алтын Казык – доор өзгөрткөн билим” август педагогикалык форуму – жөн гана кесиптик жолугушуу эмес, ар бир бала заманбап жана сапаттуу билим алууга жетүүсү, ал эми мугалимдерди кесиптик жактан даярдоо жана кайра даярдоо системасы учурдун чакырыктарына жана эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп бериши үчүн мамлекеттин, коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттери бириккен мейкиндик болуп саналат.

Кабыл Макешов, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер