ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТТИ
- 26.11.2021
- 0
Бишкек шаарында «Fasionweek — 21 Kyrgyzstan» мода жумалыгынын алкагында өткөн “Next Fasion дизайн” сынагында ОшМУнун искусство факультетинин студенттери 1-орунду жеңип алышты.
Искусство факультетинин дизайн багытында билим алып жаткан 4-курстун студенттери Токтосун кызы Нуркыз “Трикотажный бум”, Туралы кызы Нурзат “Заманбап этника”, Усенбай кызы Орозайым “Авангард” номинациялары боюнча 1-орунду ээледи. Жетекчиси дизайн кафедрасынын окутуучусу Абдижапар кызы Адина.
“Заманбап этника” номинациясы боюнча 3-курстун студенти Махаматова Нуриза да 1-орунду камсыздады. Жетекчиси дизайн кафедрасынын улук окутуучусу Төрөгельдиева Кимия.
Иш-чара Кыргызстандын мода индустриясын, жеңил өнөр жайын жана костюм искусствосун колдоп, алдыга жылдыруу максатында уюштурулду.
Комментарийлер