ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ИНДИЯНЫН МЕКТЕПТЕРИНДЕ ПРАКТИКАДА  

  • 30.10.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин бир катар студенттери жана магистранттары Индиянын Харьяна штатындагы жогорку жана орто кесиптик  окуу жайларда кесиптик билимдерин жана тажрыйбаларын өркүндөтүшүүдө.

Университет менен Харьяна штатынын Билим берүү министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары 12-21-октябрга чейин ошол жакта өткөн эл аралык тренингге катышып келишсе, ушул эле факультеттин магистранттары Харьяна штатында жайгашкан Сонна, Горавер жана Карнал мектептеринде илимий-педагогикалык практикасын өтүшүүдө. Алар сабак өтүү менен бирге педагогикалык, методикалык жана лингвистикалык багыттагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, мектеп окуучулары менен жакындан баарлашууга, окуу процессиндеги иш тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Окуу жайда бул сыяктуу тренингдер жана педагогикалык практика жылына эки жолу уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер