ОшМУнун стартапери Inspire Cup 2026 программасын ийгиликтүү аяктады

  • 05.03.2026
  • 0

Бишкек шаарындагы Технопаркта Inspire Cup 2026 инкубациялык программасынын жыйынтыктоочу Demo Day иш-чарасы өттү. Анын алкагында 63 компания өз долбоорлорун эксперттерге, өнөктөштөргө жана инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө сунуштады.

ОшМУнун стартапери Inspire Cup 2026 программасын ийгиликтүү аяктады

Долбоорлордун басымдуу бөлүгү инклюзивдүү чечимдерди ишке ашырууга, «жашыл» технологияларды өнүктүрүүгө багытталды. Аталган программага Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Бизнес паркынан стартапер Амантур Эркинов катышып, Sanji аттуу онлайн-сервис долбоорун сунуштады. Ал инкубациялык программанын бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүп, Demo Day алкагында долбоорун татыктуу коргоду. Жыйынтыгында Inspire Cup 2026 программасынын расмий сертификатына ээ болду.

ОшМУнун стартапери Inspire Cup 2026 программасын ийгиликтүү аяктады

Амантур Эркинов — ОшМУнун Тарых-юридика институтунун 3-курсунун студенти. Анын sanji.kg/ru/shops онлайн-сервиси тамак-ашка жана дүкөндөрдөгү товарларга онлайн буюртма берүү, жеткирүү кызматын жөнөкөйлөштүргөн санариптик платформа болуп саналат. Долбоор колдонуучуларды, коомдук тамактануу жайларын жана соода түйүндөрүн бирдиктүү система аркылуу байланыштырып, тейлөөнүн ылдамдыгын, ыңгайлуулугун арттырууга багытталган.

ОшМУнун стартапери Inspire Cup 2026 программасын ийгиликтүү аяктады

Төрт жумага созулган программа интенсивдүү окутуу жана практикалык иш-аракеттерди камтыды. Катышуучулар бизнес-моделдерин өркүндөтүп, өнүмдөрүн жакшыртып, ментордук колдоо алышты. Ошондой эле долбоорлорун коомчулукка сунуштоого даярданышты. Жыйынтыгында тогуз компания мындан аркы инвестициялык жана техникалык колдоого ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алды.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер