ОШМУНУН КЛИНИКАСЫНДА БООР, БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛАТ

  • 11.03.2024
  • 0

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош мамлекеттик университетинин ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында Түркиянын Малатия шаарынан иш сапары менен келген İnönü (Инөнү) университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.

ОШМУНУН КЛИНИКАСЫНДА БООР, БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛАТ

Жолугушууда профессор Ахмет Кызылай ОшМУ менен түзүлгөн меморандумдун алкагында баш сөөк, боор, бөйрөк органдарын алмаштыруу боюнча окуу жайдын медициналык клиникасынын дарыгерлеринин тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окутуулар жүргүзүүлөрүн айтты.

ОШМУНУН КЛИНИКАСЫНДА БООР, БӨЙРӨККӨ ОПЕРАЦИЯЛАР ЖАСАЛАТ

Мэр Бакытбек Жетигенов бул демилгени колдоп, жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан сырткары, Малатия шаары менен боордоштук байланышын түзүү маселелери да талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер