ОшМУнун делегациясы Пуатье университетинде

  • 24.02.2025
  • 0

ОшМУдан барган делегация 15-февралдан 23-февралга чейин  Франциянын Пуатье университетинде өткөн илимий жумалыкка катышып келди. Аларды окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсанат Аттокуров жетектеп барды.

ОшМУнун делегациясы Пуатье университетинде

Илимий жумалыкка Борбор Азия, Казакстан, Индонезия, Украина, Босния, Герцеговина жана Болгариядан барган өкүлдөр заманбап билим берүүдө университеттердин ролу жана орду тууралуу кеңири маалыматтарды талкуулашты.

Панелдик сессияларда ОшМУнун делегациясы өздөрүнүн тематикалык презентацияларын көрсөтүштү. Курсанат Аттокуров «Билим берүү баары үчүн» деп аталган баяндамасында университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрү, ишке ашырылып жаткан биргелешкен программалар, дистанттык, электрондук жана инклюзивдик билим берүү боюнча маалымат берди.

Ал эми Сайкал Ибраимова академиялык мобилдүүлүктүн орду жана билим берүүнү интернационалдаштыруунун мааниси боюнча презентация жасады.

Заманбап билим берүүдө маалыматтык технологиялардын жана санариптештирүүнүн мааниси боюнча Равшан Ураимов «Санарип университет: абалы жана келечеги» деген темада баяндама жасады.

Бакыт Оморкулов «ОшМУ заманбап чакырыктарга жараша трансформацияланууда» деген темада маалымат берди.

Мындан сырткары делегация Пуатье университетинин эл аралык байланыштар боюнча вице-президенти Стефан Мотте менен жолугуп, кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде кош дипломдуу билим берүү программаларын ишке ашырууну талкуулады. Бардык презентациялар француз тили боюнча окутуучу Бактыгүл Забаева тарабынан которулуп, жеткирилип турду.

Делегация университеттин кампусу, материалдык-техникалык базасы, билим берүү процесси менен таанышып, студенттерге түзүлгөн шарттарды жеринен көрүштү.

Бөлүшүү

Комментарийлер