ОШМУДА СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

  • 30.05.2023
  • 0

Университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан уюштурулду.

ОШМУДА СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДА ӨТТҮ
Олимпиадага республиканын түштүк аймагындагы жети окуу жайынын:   ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОШТУ, ОШМПУ, БАТМУ илимий иштер боюнча проректору, илим бөлүмүнүн башчылары, 500дөн ашуун  студент жана жооптуу окутуучулар катышты.
Быйылкы олимпиаданын өзгөчөлүгү — тесттик тапшырмалар ОШМУнун жооптуу окутуучулары тарабынан түзүлүүсүп, санариптештирүү менен өткөрүлүүсү. Ал эми ОШМУнун студенттерине конкурстан тышкары  олимпиада өткөрүлдү. Жыйынтыгында, 1-орун 35 студентке, 2-орун 35 студентке, ал эми 3-орун 35 студентке ыйгарылып,  1-2-3-даражадагы диплом жана белектер менен сыйланды.

Кезектеги университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы ОШТУга берилди. Олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер