ОшМУда экинчи ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды
- 18.11.2025
- 0
Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 45 жаштагы аялга 71 жаштагы апасы донор болуп, бир бөйрөгүн берди. Бейтаптын абалынан жана дарыгерлердин ишмердүүлүнөн үчүн ректор Кудайберди Кожобеков кабар алды.

Операция заманбап лазердик ыкма менен кошумча хирургиялык кесүүсүз жүргүзүлүп, бейтаптардын организмине мүмкүн болушунча аз зыян келтирилди. Учурда эне-баланын абалы туруктуу. Операцияны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейтбек уулу Орусиядан чакыртылган дарыгерлер менен биргеликте жасаган. Алардын айтымында, мындай куракта донор болуу медицинада сейрек кездешет. Анткени органдарды алуу жана берүүдө донордун жашы, жалпы ден соолугу жана органдын иштөө дарамети эске алынат.

ОшМУнун клиникасы азыркы тапта орган алмаштыруу боюнча өлкөдөгү алдыңкы борборлордун бири катары ишмердүүлүгүн улантууда. Алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы ушул жылдын 30-майында ишке ашкан. Бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну Сажида Анапияева.





Комментарийлер