ОШМУДА «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ИШТЕП БАШТАДЫ

  • 01.12.2017
  • 0

 “Бирдиктүү терезе” долбоору бүтүрүүчүлөрдүн диплом алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Анткени буга чейин диплом алыш үчүн бүтүрүүчүлөр он пунктту камтыган айланма баракчаны толтуруу менен көп убакты коротушса, экинчиден бюрократиялык мамилелерге туш болгондуктары маалым болуп келген. Бул убаракерчиликти жеңилдетүү үчүн университеттин жетекчилиги “Бирдиктүү терезе” долбоорун иштеп чыкты.

ОШМУДА «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ИШТЕП БАШТАДЫ

 

Айланма баракчада он түзүм: келишимдик акы боюнча декандын орун басары, жатакананын коменданты, кадрлар башкармалыгы, ОшМУнун паспорт столу, китепти сактоо бөлүмү, факультеттин китепканасы, маркетолог, аудитор, карьера борбору, аскер комиссариаты камтылган. Ал эми жаңы долбоорго ылайык, диплом алууга келген бүтүрүүчү “Бирдиктүү терезеге” өздүгүн тастыктаган документти көрсөтөт. Кызматкер бүтүрүүчүнүн документине ылайык, университеттин AVN информациялык системасынын базасынан жана 1С программасынан анын карыз же карыз эместигин текшерүүдөн өткөрөт. Бул текшерүүлөр жүрүп жаткан учурда бүтүрүүчү карьера борборунун анкетасын (кайсы жерге окуусун улантуу үчүн кетип жатат, же кайсыл жерге жумушка жайгашты) толтурат. Эгер документ алып жаткан бүтүрүүчүнүн документтеринен көйгөйү жок жолуп чыкса, дароо карызы жоктугун тастыктаган маалымат кагазына ээ болот. Ошентип маалымат кагазын алуу менен дипломун тез арада алып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эгер документтеринен көйгөйлөр пайда болсо, тиешелүү структурага жөнөтүлөт.

ОШМУДА «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ИШТЕП БАШТАДЫОШМУДА «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ИШТЕП БАШТАДЫ

“Ош мамлекеттик университети толук электрондук башкарууга өткөн, ачык университет. Бирок заман агымына жараша элге ыкчам, ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнүн жолдору пайда болууда. Биз университет катары коомго пайдалуу иштерди жасашыбыз керек, бул долбоор аркылуу биз адамдардын убактысын үнөмдөп, бюрократиялык тоскоолдуктарды алып салдык. Келечекте бул долбоор аркылуу дагы бир нече документтерди берүү жактары да атайын адистер тарабынан даярдалууда”, -деди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

ОШМУДА «БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ» ИШТЕП БАШТАДЫ

Долбоордун ачылуу аземине катышкан университеттин жамааты “Бирдиктүү терезе” долбоорунун ишке ашышы замандын талабына ылайык туура чечим экендигин белгилешти.

Зинагүл Нуралиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер