ОшМУ улуттук климаттык хакатондо жеңүүчү болду

  • 26.02.2026
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес Паркынын командасы Бишкекте өткөн Digital4Climate.KG улуттук хакатонунун финалында биринчи орунду багындырып, 7000 долларлык баш байгеге ээ болду.

ОшМУ улуттук климаттык хакатондо жеңүүчү болду

Финал Технопаркта Кыргызстандын климаттык күн тартибин жана 2026–2035-жылдарга карата климаттык саясатты аныктаган ОНУВ 3.0 документин ишке ашыруунун алкагында өттү.

Хакатон ПРООНдун демилгеси менен уюштурулуп, мамлекеттик органдарды, бизнес өкүлдөрүн, билим берүү мекемелерин, эл аралык өнөктөштөрдү бириктирди. Өлкө боюнча түшкөн 128 арыздын ичинен 22 мыкты команда финалга чыккан.

ОшМУнун командасы «Акылдуу күнөскана» аттуу инновациялык долбоорун ийгиликтүү коргоп, жеңишке жетти. Долбоор күнөскананын микроклиматын автоматташтырылган көзөмөлдөө жана башкаруу аркылуу айыл чарбасын санариптештирүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого багытталган. Бул чечим түшүмдүүлүктү жогорулатууга, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана климаттык тобокелчиликтерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү

Комментарийлер