ОшМУ: илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

  • 12.11.2025
  • 0

Форумга Евразиялык тармактык университетинин (ЕТУ) жетекчилери, Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары, аталган өлкөдөн жана Кыргызстандан тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Орусия, Казакстан, Белорусия, Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору, эксперттер жана адистер катышты.

ОшМУ: илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Орусиянын Мамлекеттик думасынын илим жана жогорку билим берүү комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Сипягин Евразия университеттеринин форуму кесиптик кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыктын маанилүү аянтчасы болорун айтты. Ошондой эле Сипягин,  Евразия экономикалык биримдигинин алкагында интеграцияны тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы билим берүү боюнча байланышты чыңдоо маанилүү экенин кошумчалады.

“Евразия университеттеринин форуму бул илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык коллаборация. Орусия бул багытта чоң тажрыйбага ээ жана аны өнөктөштөр менен бөлүшүүгө даярбыз”, — деди ал.

ОшМУ: илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Форумдун жүрүшүндө ректор Кудайбери Кожобеков ОшМУ эл аралык кызматташтыктын активдүү катышуучусу болуп, тармактык программаларга катышып, академиялык мобилдүүлүк менен биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырып жатканына токтолуп, «Бул форум кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга, Евразия мейкиндигинде жогорку билим берүүнүн жаңы стратегияларын иштеп чыгууга жана инновациялык технологияларды мүчө мамлекеттердин экономикасына киргизүүгө багытталган», — деди.

ОшМУ: илимий-билим берүү консорциумунун III форуму

Иш-чара илим, билим берүү жана бизнес чөйрөсүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү, тармактык багыттагы жогорку билим берүү программаларын ишке ашыруу, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу максатында үчүнчү ирет өтүп жатат. Форумдун алкагында эксперттик баяндамалар жасалып, ЕТУнун координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Андан сырткары бир катар эл аралык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер