ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕРИНЕ ГРАНТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 20.03.2024
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда окуган жаш стартаперлердин долбоордон уткан гранттары ээлерине тапшырылды.

ОшМПУнун ЖАШ СТАРТАПЕРЛЕРИНЕ ГРАНТТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Университеттин ректору Бекмурза Зулуев конкурстан жеңген үч стартаперге ишкердик жүргүзүүгө керектүү болгон шаймандарын тапшырды. Жаркынай Гуламидиновага  тигүү машинасы берилсе, Зарина Ураимжанова менен Айкөкүл Замирбек кызына жер-жемиштерди кургатуучу аппараттар тапшырылды.

Мындан сырткары, биология адистигинин студенттери “Жашыл теплица” демилгесин презентациялап, аларга окуу жай жетекчилиги тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилди. Ошондой эле жаш окутуучулар тарабынан “Географиялык аянтча” демилгеси сунушталып, колдоого алынды.

Белгилей кетсек, октябрь айында Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору, Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Ага Хан фонду менен биргеликте ишмердүүлүктү өнүктүрүү максатында бир жумалык бизнес окутуу өткөрүлүп,  долбоордон уткан грант ээлерине керектүү  каражаттар жана материалдар окуу жай тарабынан камсыздала турганын белгилешкен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер