ОшМПУда II ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ОРУС ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

  • 22.10.2024
  • 0

Бүгүн, 22-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Келечекке карай” аталышында мугалимдерге арналган II Эл аралык форуму өтүп жатат.

ОшМПУда II ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ОРУС ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

Иш-чарада коноктор үчүн атайын ачык эшик күнү уюштурулуп, көргөзмөлөр коюлду.

Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Россиянын Кыргызстандагы Башкы консулдугунун өкүлү В.А.Катункин, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Авраам Дмитрий Николаевич, БатМУнун ректору Айдарбек Гыязов, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева, М. Акмулла атындагы БГПУнун Салават Сагитов жана окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев катышууда.

ОшМПУда II ЭЛ АРАЛЫК КЫРГЫЗ-ОРУС ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

Форум практикалык тажрыйба алмашуу, кесиптик чеберчиликти өркүндөтүү, Кыргызстан менен Россиянын адистеринин заманбап билим берүү тармагында эл аралык кызматташуусун түзүү максатында уюштурулуп,  алдыда концерттик программа, мугалимдер үчүн интенсивдүү билим берүү, тегерек стол жана масстер-класстар өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү

Комментарийлер