ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА
- 22.05.2025
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университети кылымдык тажрыйбаны арттыруу менен Кыргызстандын орто мектептерине жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдоонун устаканасына айланган. Окуу жай 1925-жылдан тарта агартуу айдыңында талыкпай келечек жаштарын билим менен сугарып, улам заман менен жарыша өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн жаңы этаптарын басып келүүдө. Бүгүнкү күндө университеттин билим берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп жатканына 100 жылдын жүзү болду. Бир кылымдык доорду сүргөн куттуу окуу жай бул аралыкта көптөгөн мыкты кесип ээлерин, мугалимдерди даярдоо менен, улам жаңы баскычтарга көтөрүлүп, зоболосу кеңейип, бай тарыхты баштан кечирип келе жатат.
Университет эл аралык аренада 30дан ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алака түзүп, улам жаңы кызматташууларды ишке ашырууда. Анын алкагында чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, фонддор, ири программалар жана өкүлчүлүктөр менен улам кызматташтык горизонту кеңейип, окуу жайдын студенттери өлкө ичиндеги бардык ЖОЖго жана тышкы Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Россия, Жапония, Чехия, Германия, Венгрия сыяктуу бир канча өлкөлөрдүн окуу жайларына байма-бай барып окуп, практика өтөп, эл аралык долбоорлор менен бирге иш алып барышууда.

Учурда студенттердин бардык талаптарга шайкеш келген компетенттүү, креативдүү жана прогрессивдүү адис болуп калыптануусун жана татыктуу билимге ээ болуусун камсыздоо үчүн окуу жай эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Ага ылайык жаш илим изилдөөчүлөрдүн тобу, спорттун волейбол, тогуз коргоол, теннис, бокс, күрөш түрлөрү боюнча спорттук клубдар, студенттик телестудия, чыгармачылык топтор, ишкердик борборлор кызмат көрсөтөт. Жыл ичинде эң мыкты окуп, коомдук иштерде активдүүлүк жараткан студенттерге атайын стипендиялар ыйгарылып, окуу жай тарабынан өзгөчө колдоого ээ болушат.
Окуу жайда даярдалып жаткан адистиктер мыкты шартта билим алып, окутуучулардын ыңгайлуу шартта ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн университеттин ички инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы толугу менен заман талабына жооп берет.
ДАЯРДАЛУУЧУ АДИСТИКТЕР
Университеттин курамында алты факультет, бир колледж, аспирантура жана магистратура бөлүмдөрү ишмердүүлүк жүргүзөт. Аталган билим берүү баскычтарында бюджеттик жана келишимдик негизде педагогикалык багыттагы бардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.

МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ
- Педагогика:
- Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
- Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
- Көркөм билим берүү (музыка) (ЖРТ милдеттүү эмес)
- Психология
ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
- Табигый илимий билим берүү:
- Биология
- География
- Химия
МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ
- Физика, математикалык билим берүү:
- Математика
- Информатика
ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ
- Филологиялык билим берүү
- Англис тили
- Социалдык-экономикалык билим берүү
- Тарых
- Социалдык иш
- Аймак таануу (жапон тили)
КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
- Филологиялык билим берүү
- Кыргыз тили жана адабияты
- Орус тили жана адабияты

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
- Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)
КОЛЛЕДЖ
- Башталгыч класстарды окутуу
- Мектепке чейинки билим берүү
- Социалдык иш
- Чет тили
- Дене тарбия
- Финансы (тармактар боюнча)
- Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
- Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
- Эсептөө техника каражаттарын жана компьютер тармактарын техникалык тейлөө
МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ
- Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн усулу) магистр
- Табигый илимий билим берүү (профили: биология, химия, география) магистр
- Филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) магистр
- Социалдык-экономикалык билим берүү (профили: тарых) магистр
- Физика-математикалык билим берүү (профили: математика, информатика) магистр
- Көркөм билим берүү (профили: музыка)
- Социалдык иш (профили: социалдык иш)
АСПИРАНТУРА БӨЛҮМҮ
13.00.01 – Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы
13.00.02 – Окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (билимдин тармактары жана деңгээли боюнча)
03.02.14 — Биологиялык ресурстар
03.02.01 – Ботаника
03.02.04 – Зоология
10.01.01 – Кыргыз адабияты
10.02.01 – Кыргыз тили
02.00.03 – Органикалык химия
02.00.01 – Органикалык эмес химия

ДАЯРДАЛУУЧУ АДИСТИКТЕР
Университеттин курамында алты факультет, бир колледж, аспирантура жана магистратура бөлүмдөрү ишмердүүлүк жүргүзөт. Аталган билим берүү баскычтарында бюджеттик жана келишимдик негизде педагогикалык багыттагы бардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.
МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ
- Педагогика:
Керектелүүчү документтер:
✓✔ Абитуриенттин арызы;
✓✔ АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);
✓✔ ЖРТнын сертификаты;
✓✔ 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
✓✔ Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
✓✔ Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
Биздин дарек:
Ош шаары,
Н.Исанов көчөсү, 73.
Телефон: 0(3222) 4 35 67
+996771711777
Сайт: www.oshmpu.kg
E-mail: [email protected]
Лицензия № LS190001699



Комментарийлер