ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

  • 03.06.2024
  • 0

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

Ош мамлекеттик педагогикалык университети кылымдык тажрыйбаны арттыруу менен Кыргызстандын орто мектептерине жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдоонун устаканасына айланган.  Окуу жай  1925-жылдан тарта агартуу айдыңында талыкпай келечек жаштарын билим менен сугарып, улам заман менен жарыша өнүгүүнүн, өзгөрүүнүн жаңы этаптарын басып келүүдө. Бүгүнкү күндө университеттин билим берүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп жатканына 99 жылдын жүзү болду.  Дээрлик бир кылымдык доорду сүргөн куттуу окуу жай бул аралыкта көптөгөн мыкты кесип ээлерин, мугалимдерди даярдоо менен, улам жаңы баскычтарга көтөрүлүп, зоболосу кеңейип, бай тарыхты баштан кечирип келе жатат.

  • 1925-ж. Ош педагогикалык техникуму
  • 1929-ж. Ош-Жалал-Абад техникуму
  • 1937-ж. Ош педагогикалык окуу жайы
  • 1966-ж. Ош педагогикалык училищасы
  • 1994-ж. Ош педагогикалык колледжи
  • 1996-ж. Ош жогорку колледжи
  • 2002-ж. Ош гуманитардык-педагогикалык  институту
  • 2021-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык университети

 

Жылдан жылга статусу жогорулап жаңы көрсөткүчтөргө ээ болгон университет башка окуу жайлардан айырмаланып бир гана педагогикалык багытта адистерди даярдоо миссиясын ишке ашырууда.

Учурда университетте 12 000ге жакын студент,  507 магистр, 56 аспирант билим алат. Жалпы 425 профессордук-окутуучулук курам эмгектенсе, анын ичинен 12 илимдин доктору, 40 илимдин кандидаты, доценттери, 96 магистр, 60 ага окутуучу, 217 окутуучу, спорт чеберлери, билим берүүнүн мыктылары эмгектенет.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын катарында ОшМПУ зор атааңдаштыкка жетишип, коомчулуктун жогору баасына татып, билим берүүдө ар бир жаңы инновацияларды, өзгөрүүлөрдү кабылдап, тынымсыз өнүгүү иш-аракетин жолго коюуда.

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР

Университет эл аралык аренада 30дан ашуун алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен алака түзүп, улам жаңы кызматташууларды ишке ашырууда. Тышкы жана ички алакаларды окуу жайдын эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаменти тескеп, университеттин дипломатиялык саясатын алгылыктуу жүргүзүп келет. Анын алкагында чет өлкөлүк жана ата мекендик ЖОЖдор, эл аралык уюмдар, фонддор, ири программалар жана өкүлчүлүктөр менен улам кызматташтык горизонту кеңейип, өнөктөш жогорку окуу жайлар менен академиялык мобилдүүлүк программасы, илимий иш сапарлар, жайкы университет долбоорлору, стажировкалар  жана түрдүү иш-чаралар биргеликте жүзөгө ашып келүүдө.

Студенттердин билимин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында ишке ашкан мобилдүүлүк программасынын алкагында учурда окуу жайдын студенттери өлкө ичиндеги бардык ЖОЖго жана тышкы Өзбекстан, Казакстан, Россия, Япония, Чехия, Германия, Венгрия  сыяктуу бир канча өлкөлөрдүн окуу жайларына байма-бай барып окуп, практика өтөп, эл аралык долбоорлор менен бирге иш алып барышууда. Ошондой эле ОшМПУнун студенттери үчүн Япония, Россия өлкөлөрүндө практика өтөө, “Жайкы университет” долбоорлоруна катышуу салтка айланган.

Университеттин жетекчилиги профессордук-окутуучулук курамдын билимин өркүндөтүүсүнө, квалификациясын жогорулатуусуна өзгөчө көңүл бурат. Натыйжада окутуучулар өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө уюштурулган окуу курстарга, конференция, форумдарга байма-бай катышып келишет. Ага катар Чехия, Англия, Россия, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн профессорлору ОшМПУга келип семинар, мастер-класстарды уюштуруп, лекция окушат. Натыйжада окуу жай келишим түзгөн бардык жогорку окуу жайлар, эл аралык уюмдар менен кызматташуулар  максаттуу ишке ашып келүүдө. Дал ушундай таризде окуу жай жыл сайын чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен жаңы кызматташуу келишимдерин түзүп, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда.

 

СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ӨЗГӨЧӨ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР ЖАНА КОЛДООЛОР

Университет студенттердин бардык талаптарга шайкеш келген компетенттүү, креативдүү жана прогрессивдүү адис болуп калыптануусун жана татыктуу билимге ээ болуусун камсыздоо үчүн  эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү жаратып келет. Ага ылайык жаш илим изилдөөчүлөрдүн тобу, спорттун волейбол, тогуз коргоол, теннис, бокс, күрөш түрлөрү боюнча спорттук клубдар, таланттуу студенттердин “Кербен” ансамбли, “Нона” эстрадалык тобу, чыгармачыл жаштардын “Жаратман” чыгармачылык борбору, Жаштар комитети жана студенттердин эркин медиа борборуна айланган “Мурас” телестудиясы жигердүү кызмат көрсөтүп келет. Бул менен бирге ишкердикке кызыккан жаш стартаперлердин тобун түзгөн “Бизнес идеяларды ишке ашыруу” борборунда студенттер белгилүү ишкерлерден билим алышып, долбоорлорун жазып, 2000$-6000$га чейинки суммадагы гранттарды утуп алышып, өздөрүнүн жеке бизнестерин жүзөгө ашырышууда.

Жыл ичинде эң мыкты окуп, коомдук иштерде активдүүлүк жараткан студенттер Президенттик стипендияга ээ болушат. Ага катар жеке ишкерлер тарабынан да тандалган студенттерге 5000-10000ге чейинки стипендиялар берилет жана окуу жай тарабынан студенттик долбоорлорго 50 000-100 000ге чейинки акчалай гранттар ыйгарылса, республикалык, эл аралык олимпиада, сынактардын жеңүүчүлөрүнө да белгилүү өлчөмдө сый-акылар берилип келет. Жалпысынан ОшМПУнун ар бир студенти үчүн максималдуу стимул жана колдоо көрсөтүлөт.

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

ЗАМАНБАП ШАРТТАР

Окуу жайда даярдалып жаткан адистиктер мыкты шартта билим алып, окутуучулардын ыңгайлуу шартта ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн университеттин ички инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы толугу менен заман талабына жооп берет. Катарда ишке ашкан эң масштабдуу 5 кабаттуу заманбап үлгүдөгү окуу корпусу университеттин  өз эсебинен каржыланып, учурда колдонууга берилген.

Билим берүүдөгү автоматташтырылган бардык иш-аракеттер бүгүнкү күндө өз натыйжасын көрсөтүп, окуу жай дагы да заманбап техникалык каражаттарды колдонуу менен сапаттуу билим мейкинин куруу багытында баратат. Ар бир адистикке тиешелүү бардык заманбап каражаттар улам жаңыланып, ар бир аудиторияда сабак өтүүгө керектүү болгон акыркы үлгүдөгү интерактивдүү доскалар, панелдер жайгаштырылган. Ага катар лингафондук кааналар, виртуалдык лабораториялар, спорттук аянтчалар жана залдар, китепканалар илимий жана ишкердик борборлору,  650 орундуу жатакана  жалпы окуу жайдын студенттери үчүн кызмат көрсөтөт. Университеттин жетекчилиги тарабынан ички инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулуп, жыл сайын материалдык жаңылануулар жүз берүүдө. Анын катарында быйыл ОшМПУнун алдындагы бала бакча ачылуу алдында турат. Учурда бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери жүрүп, сентябрь айынан шаар тургундарын кубантып, колдонууга берилет.

САНАРИП УНИВЕРСИТЕТ

“Санарип университет” багытын көздөй ОшМПУда учурда бардык иш-аракеттер, иш-чаралар санарип форматка өткөрүлдү. Буга аракеттердин натыйжасы менен учурда студенттер окутуучудан көз карандысыз түрдө АВН порталы аркылуу экзамен, модулдарын компьютердин жардамында тапшырып, автоматтык түрдө жыйынтык чыгып турат. Ошондой эле ата-энелер өз балдарынын модулдан, экзаменден алган бааларын сайт аркылуу үйдө туруп көрүп, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Окутуучуну баалоо ички рейтинг түзүмү “Электрондук өздүк баракча” платформасы аркылуу ишке ашат.  Мунун натыйжасында   профессордук-окутуучулук курамдын ишмердүүлүгүнүн сапатын көтөрүү,  илимий изилдөө иштерине тартуу жана стимулдаштыруу менен айлык акысына кошумча  сый акыны аныктоо системасы жүзөгө ашты. Мындан сырткары электрондук журнал, электрондук окуу планы жана силлабус, электрондук архив, электрондук отчеттук карта, электрондук китепкана сыяктуу онлайн программалар ишке ашып, колдонулууда.  Замандын талабы, мезгилдин агымы шарттаган «Бирдиктүү терезе» системасы да ишке ашырылып, электрондук документ айлантуу системасы иштелип чыгып, ал аркылуу университеттин ичинде документ жүргүзүү толук электрондоштурулду.  AiDoc системасы аркылуу университеттин ичинде документ айлантуу структуралар арасында толук электрондук форматта жүргүзүлүүдө.

Ош мамлекеттик педагогикалык университети билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу кепилдиги менен илимдин, маданияттын, экономиканын, технологиянын жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүнө активдүү катышып, профессионалдык билим берүү программасын ишке ашырууда. Окуу жай бардык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кылымдык тажрыйба жана заманбап технологияны пайдаланып, өлкөнүн билим берүүсүнө салым кошуу менен  татыктуу кесип ээлерин даярдоо миссиясын аткара берет.

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

ДАЯРДАЛУУЧУ АДИСТИКТЕР

Университеттин курамында алты факультет,  бир колледж, аспирантура жана магистратура бөлүмдөрү ишмердүүлүк жүргүзөт. Аталган билим берүү баскычтарында бюджеттик жана келишимдик педагогикалык багыттагы бардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.

  • МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Педагогика:
  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана усулу
  1. Көркөм билим берүү (музыка) (ЖРТ милдеттүү эмес)
  2. Психология
  • ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Табигый илимий билим берүү:
  • Биология
  • География
  • Химия

 

  • МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Физика математикалык билим берүү:
  • Математика
  • Информатика

 

  • ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Филологиялык билим берүү
  • Англис тили
  1. Социалдык-экономикалык билим берүү
  • Тарых
  1. Социалдык иш
  2. Аймак таануу (япон тили)
  • КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Филологиялык билим берүү
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты

 

  • ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ
  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

  • КОЛЛЕДЖ
  1. Башталгыч класстарды окутуу
  2. Мектепке чейинки билим берүү
  3. Социалдык иш
  4. Чет тили
  5. Дене тарбия
  6. Финансы (тармактар боюнча)
  7. Колдонмо информатика (тармактар боюнча)
  8. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
  9. Эсептөө техника каражаттарын жана компьютер тармактарын техникалык тейлөө

 

 

МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

550700 — Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн усулу)   магистр

550100 — Табигый илимий билим берүү (профили: биология, химия, география)  магистр

550300 — Филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили)  магистр

550400 — Социалдык-экономикалык билим берүү (профили: тарых)  магистр

550200 — Физика-математикалык билим берүү  (профили: математика, информатика)  магистр

550600 — Көркөм билим берүү (профили: музыка)

540200 — Социалдык иш  (профили: социалдык иш)

 

АСПИРАНТУРА БӨЛҮМҮ

 

13.00.01 – Жалпы  педагогика, педагогиканын  жана билим берүүнүн тарыхы

13.00.02 – Окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (билимдин  тармактары  жана деңгээли  боюнча

03.02.14  — Биологиялык ресурстар

03.02.01 – Ботаника

03.02.04 – Зоология

10.01.01 – Кыргыз  адабияты

10.02.01 – Кыргыз тили

02.00.03 – Органикалык  химия

02.00.01 – Органикалык эмес химия

 

ОшМПУ – КЫЛЫМДЫК ТАЖРЫЙБА МЕНЕН ПЕДАГОГДОРДУ ДАЯРДООЧУ УСТАКАНА

Атайын орто кесиптик билим үчүн окуу мөөнөтү:

11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;

11-класстын (сырттан) базасында – 2 жыл 6 ай.

Жогорку билим (бакалавр) үчүн окуу мөөнөтү:

күндүзгү окуу үчүн — 4 жыл;

сырттан окуу үчүн – 5 жыл.

Магистратура бөлүмү үчүн окуу мөөнөтү:

күндүзгү окуу үчүн – 2 жыл;

сырттан окуу үчүн- 2 жыл 6 ай.

Керектелүүчү документтер:

✔ Абитуриенттин арызы;

✔ АТТЕСТАТ же ДИПЛОМ (түп нускасы);

✔ ЖРТнын сертификаты;

✔ 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;

✔ Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

✔ Аскердик билеттин же каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

Биздин дарек:

Ош шаары, Н.Исанов көчөсү, 73.

Телефон: 0(3222) 4 35 67

+996771711777

Сайт: www.oshmpu.kg

E-mail: [email protected]

Лицензия № LS190001699

 

Бөлүшүү

Комментарийлер