ОШ ТУДА ӨНӨКТӨШТӨР МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 02.02.2026
  • 0

Ош технологиялык университетинде Информатика жана эсептөө техникасы билим берүү программасынын уюштуруусу менен иш берүүчүлөр жана өнөктөштөр менен кызматташуу алкагында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Картография жана геоинформатика» багыты боюнча PhD докторантуранын окуу планы жана билим берүү программасы талкууланды.

Жолугушуунун негизги максаты — билим берүү программаларын эл аралык академиялык талаптарга жана эмгек рыногунун актуалдуу муктаждыктарына шайкеш келтирүү болду.

Тегерек столго төмөнкү өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү катышты:

  • Алманбет Данияров — Чех–Монгол курулуш компаниясы «Sro HAANZAA» долбоорунун менеджери;
  • Гапырова Элмира Орозмаматовна — КР ӨКМ алдындагы «Көчкү коркунучтарын башкаруу» долбоорунун картография боюнча адиси;
  • Гулжигит Өскөнбаев — аталган долбоордун картография боюнча адиси;
  • Кенжебаев Ырыскулбай Жакшыбаевич — «Кыргызмамжердолбоорлоо» МИнин Ош облустук филиалынын директору;
  • Аблазизов Марат Токторалиевич — геотехникалык мониторинг боюнча адис;
  • Дөдөев Добулбек Абдимиталипович — «Ошшаарсууканал» МИнин директорунун орун басары.

Катышуучулар билим берүү программаларын өркүндөтүү, бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш берүүчүлөр менен кызматташууну күчөтүү боюнча сунуштарын беришти.

Мындай иш-чаралар университет менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты бекемдеп, заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер