ОШТУДА DIGITECH ЭЛ АРАЛЫК ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

  • 20.01.2026
  • 0

Бишкек шаарында Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан DIGITECH эл аралык долбоорунун старттык жолугушуусу болуп өттү.

Долбоордун грант ээси — Ош технологиялык университети. Бул ОшТУнун Erasmus+ программасынын Capacity Building in Higher Education багыты боюнча алгачкы жолу координатор катары чыгышы болуп саналат. Долбоордун координатору — ОшТУнун профессору Урмат Аттокуров.

Иш-чарага ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Асанбек Акматалиев, Инновация жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Менди Арзыбаева, ОшТУнун профессору Урмат Аттокуров, долбоордун байланыш үчүн жооптуу адамы Шарапат Нармирзаева катышты.

DIGITECH долбоору жогорку техникалык билим берүүнү модернизациялоого, технологиялык процесстерди жана өндүрүштү санариптештирүүгө багытталган. Анын алкагында Big Data, жасалма интеллект жана машиналык окутуу технологиялары окуу программаларына киргизилет.

Долбоор Кыргызстан, Армения жана Грузиянын жогорку окуу жайларында ишке ашырылат. Кыргызстандан өнөктөш катары Ош технологиялык университети жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети катышууда. Ал эми чет өлкөлүк өнөктөштөр — Германиянын HAW Hamburg, Словениянын Марибор университети, Армениянын ASUE жана Ереван мамлекеттик университетинин Иджеван филиалы, Грузиянын GTU жана BTU университеттери.

Долбоордун жыйынтыгында заманбап лабораториялар түзүлүп, техникалык билим берүүнүн сапаты жана бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер