ОШ КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИ

  • 27.05.2024
  • 0

Нурлан Чомоев, колледждин директору

ОШ КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИ

Ардактуу бүтүрүүчүлөр! Урматтуу абитуриенттер!

Ош курулуш колледжи Кыргыз ССРинин 1965-жылдын 30-июнундагы токтому менен Кыргыз ССРинин Курулуш министрлигинин курамында Ош курулуш техникуму болуп түптөлгөн.

Окуу жай 1996-жылдын октябрь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин токтому менен Ош курулуш техникуму, андан ары бүгүнкү күнгө чейин Ош курулуш колледжи болуп өзгөртүлүп, республика аймагы боюнча курулуш багытындагы көптөгөн адистерди даярдап келүүдө.

Окуу жай 60 жылдык тарыхында 13 миңден ашуун курулуш тармагына керектүү адистерди даярдап чыгарды. Алардын катарын кыргыз мамлекетинин курулушуна жана КМШ мамлекеттерине чейин таанымал адистерден: Сатыбалдыев Жантөрө Жолдошович, Танаев Николай Тимофеевич, Коноваленко Николай Иванович, Фищер Николай Степанович сыяктуу атактуу инсандар толуктайт.

ОШ КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИ

2021-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин окуу жайды Чомоев Нурлан Көчкөнбаевич жетектеп келет. Курулуш тармагындагы орто кесиптик билим берүүнүн жана мыкты архитектор жана куруучу адистерди даярдоодо окуу жайда 40тан ашуун тажрыйбалуу мугалимдер жамааты эмгектенип келет.

Ош курулуш колледжи орто звенодогу кесипкөй адистерди даярдап билим берүүдө республика аймагындагы көптөгөн жогорку окуу жайлары менен тыгыз иш алып барып келет. Мындан сырткары Ош шаарынын аймагында жайгашкан көптөгөн мамлекеттик, муниципалдык жеке менчик мекеме ишканалары менен ар тараптуу келишимдердин алкагында окуу-практикалык, андан ары жумушка орношуу, өз билимин жогорулатуу багыттарында биргеликте жумуш алып барат.

Бүгүнкү күндө окуу жай Германия мамлекетинин кызматташтыгы менен GIZ программасынын алкагында жана Азия өнүктүрүү банкы долбоорун ишке ашыруу бөлүмү “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорлору менен биргеликте заманбап жабдуулар менен камсыз болуп, эки компьютердик каана, электрондук китепкана, үч лаборатория, бир устаттар каанасы, жыйындар залы, спорттук сырткы жана ички аянтчалар толук капиталдык оңдоодон өтүп, азыркы заман талабына ылайык, учурда билим алып жаткан студенттер үчүн мыкты жабдуулар менен камсыздалган.

ОШ КУРУЛУШ КОЛЛЕДЖИ

Урматтуу абитуриент!

Ош курулуш колледжи 2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Окуу бюджеттик жана келишимдик негизде жүргүзүлөт.

2024-2025-окуу жылына төмөндөгүдөй адистиктерди кабыл алууну жарыялайт:

— Архитектура;

— Ички санитардык-техникалык жана желдетүү түзүлүштөрүн монтаждоо жана эксплуатациялоо;

— Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо;

— Колдонмо геодезия;

— Инженердик курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо;

— Дизайн (тармактар боюнча);

— Экономика жана бухгалтердик эсеп.

Орто жалпы билим:

(9-класстын негизинде окуу мөөнөтү – 2 жыл 10 ай, 3 жыл 6 ай).

Негизги жалпы билим:

(11-класстын негизинде окуу мөөнөтү – 1 жыл 10 ай, 2 жыл 6 ай).

Сырттан окуу бөлүмү:

11-класстын негизинде окуу мөөнөтү – 2 жыл 6 ай.

Кабыл алынуучу документтер:

— Арыз;

— Билими тууралуу документтин түп нускасы (аттестат же 9-кл. күбөлүгү);

— Аскердик билети же каттоо күбөлүгү;

— Медициналык аныктама 86/У, 063;

— Сүрөт 3х4 (6 даана);

— Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорттун көчүрмөсү;

— Дело, конверт.

Сурап-билүү телефондору: osh.str.kolledh

Instagram: osk_1965

(+996) 500 00 41 91; (+996) 220 89 96 88

Биздин дарек:

Ош шаары, Абсамат Масалиев проспектиси № 52. (болжол мурунку аскер факультети).

Бөлүшүү

Комментарийлер