ООМАТЫ КЕЛГЕН ОРДО ОЮН

  • 12.06.2024
  • 0

Жакында АКШнын Нью-Йорк шаарында Американын ордо оюну боюнча III
чемпионаты өттү. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Ордо
оюну боюнча спорт федерациясынын башчысы Таалайбек Айталиев баштаган
уюмдун мүчөлөрү, калыстар тобу катышты. Кыргыздын улуттук этноспортун эл
аралык деӊгээлде жайылтуу демилгесине жигердүү катышып, алыскы Америка
жергесинде таанылышына олуттуу салым кошкон уюштуруучуларга, мыкты
командалардын машыктыруучуларына, оюн жүрүшүндө чеберчилиги менен
айырмаланган ордочуларга КР Президентинин, КР ЖК төрагасынын, КР
Министрлер Кабинетинин төрагасынын, КР мамлекеттик катчысынын атынан
ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.

ООМАТЫ КЕЛГЕН ОРДО ОЮН

Эл-журт тагдырына тыгыз жалгашкан оюндар адамзат коомунун баардык
мезгилдеринде өмүр сүрүп, доордун өнүгүшүнө, замандын өзгөрүшүнө, учурдун талабына
жараша улам жаңыланып, алгылыктуу алымча-кошумчалар киргизилип, ар кандай
сапаттарга, түркүн түскө өтүп, өзүнүн түбөлүктүү жашоосун улантуу менен, көөнөргүс
элдик дөөлөттүн айныгыс бөлүгүнө айлантат тура. Улуттук оюндар калкыбыздын калың
катмарын жеткилең тарбиялоодо, чапчаӊ мүнөз менен кажыбас кайратты
калыптандырууда бирден-бир башкы өбөлгөлөрдүн бири экенин эч ким деле тана албас.

Кыргыз – нечен кылым кыйырын кырча басып, 3 миӊ жылдан ашуун мезгил
аралыгында көчмөндөр цивилизациясын түзгөн, анын ичинде өзүнүн улуттук көөнө
философиясын түптөгөн элдердин бири. Ал күндөлүк жашоо-турмушка карата өзгөчөлүү
көз карашынан, улуттук нарк-насилинен, каада-салтынан, көркөм өнөрүнөн, улуттук оюн-
зоогунан айкын билинет. Кайсы доордо жашабайлы, кандай заманды баштан кечирбейли,
алардын ар бирин аздектей билип, ата-баба табериги катары ар дайым жадымдан
чыгарбоого тийишпиз.

Кезинде өзалдынча мамлекет түзүп, Улуу Каганат түптүгөн кыргыздар да эл болуп
жаралгандан өздөрүнө мүнөздүү ар кыл доорго, заман заӊына, мезгил талабына, ошол
кездеги социалдык шартына жараша өз оюндарын жараткан тура: көк бөрү, кыз куумай, ат
чабыш, жаа тартмай, оодарыш, салбуурун, күрөш… Эмне деген керемет! Туура, булардын
көбү жалпы көчмөн түрк элдерине тиешелүү экенин жакшы билебиз. Ал эми ордо жеке
кыргызга гана тийиштүү оюн.

«Ордо – оюн төрөсү» деп бекеринен айтылбаса керек, чынында эле ордо жөнсалды
оюн эмес, ал этноспорттун эң маанилүү жана өтө кызыктуу түрүнө кирет. Ордо –
атаандаштык ышкыны акыл-эске жалгаган, миң түркүн айла-амал коштогон оюн. Анда
өзүнө терең талдоо, көрөгөчтүк, ырааттуу ойлонуу, чеберчилик сындуу мыкты сапаттар
камтылган. Ар адамдын чабытын козгоп, ойгонуу, ойлонуу, толгонуу аркылуу жан
сергиткен касиети менен да баалуу.

Жарданган эл, шымаланган оюнчу, атылган абалак, чимирилген чүкө, чокон
талашкан балдар, ээгин экечеген чалдар… Жамы журт жабыла кызыгына баткан, шыктуу,
ыктуу, мыкты делген оюнчулардын даӊазасы оодон-оозго көчкөн, ысымы муундан-муунга
жеткен. Эл оозунда чийинден ичкери өтүп ордого түшкөн соң, бир чүкө калтырбай каны
менен кошо чертип кеткен оюнчулар жөнүндө учугу узун уламыштар айтылат.

Бир дагы жалпы элдик жыйын, той-аш ордо оюнсуз өткөн эмес. Ал адатта
жаатташкан командалар арасында өзөгүнө кыт куюлган абалак же топоздун чийки
томпою менен ойнолот. Жамы журт жабыла келип, айтылуу топбузарлардын, чебер
чертмекчилердин, тобокелчил тоорукчулардын оюнуна маашырланып, кызыгына баткан.
Шыктуу, ыктуу, мыкты делген ордочулардын даӊазасы оодон-оозго көчүп, ысымы
муундан-муунга өтүп келген.

Тарыхый булактарга таянсак, ордо оюну биздин доорго чейин эле кыргыз элинде
ойнолуп келген. Археологдор тээ-э Андрон жана Афанасий дооруна таандык мүрзөлөрдү
казганда, кыргыз урууларынын энтамгалар чегилген томпойлор менен чүкөлөр көп
табылган. Оюндун аты айтып тургандай, ордодон кыргыз элинин салт санаасы, жашоо
турмушу, кан ордосу, аскерий түзүлүшү, согуштук ой жүгүртүүлөр, стратегиялык жана
тактикалык ыкмалар таасын байкалат. Азыркы учурда кыргыз аймактарында ойнолгон
ордо жалпыга бирдей эрежелердин негизинде ойнолот.

Ушу тапта элдик оюндардын мааниси улам артып барат. Көптөгөн өлкө
өкүлдөрүнүн катышуусунда ырааттуу жана кыйла шаӊдуу өткөрүлүп келаткан Дүйнөлүк
көчмөндөр оюну мунун айкын далили. Ошондон улам, элдик оюндар дене-тарбиялык
мүнөздөгү көнүгүүлөр эле эмес, калкты ынтымак менен ырашкерликке, эл аралык
алакалаларды арттырууга, атуулдук жигер менен улуттук сыймыкка үндөй турган улуу
таберик экенине дагы бир ирет ынандык.

Албетте, биз азыркы ааламдашуу доорунда жалпы адамзат көчүнөн четте кала
албайбыз. Башка элдердин жакшы жактарын, мыкты салттарын да алышыбыз керек.
Ошентсе да, кыргыз журту жалпы адамзат көчүнө нечендеген кылымдар сыноосунан
тайгылбай өткөн руханий баалуулуктары, маданий дөөлөтү, салттуу өзгөчөлүгү менен
кошулууга тийиш.

Ордо оюну боюнча спорт федерациясы байыркы ата-баба таберигин эл аралык
деңгээлде таанытуу жана кеңири жайылтуу чараларын колго алганы колдоого арзыйт.
Мына эми анын аңызы алыскы Америкага чейин жетип отурат. Ушу тапта Түндүк
Калифорния, Пенсилвания, Элиноис, Норс Каролина, Нью-Йорк, Огайо, Питтсбург
сындуу штаттарындагы, Чикаго, Шарлот, Нью-Йорк, Питтсбург, Коломбус өңдүү
шаарларындагы кыргыз диаспораларынын жергиликтүү жана курама командалары
түзүлүп, акыркы үч жылдан бери кыргыз диаспораларынын чемпионаттары өткөрүлүү
менен, мыкты оюнчулар аныкталып келет.

Жаштар – биздин келечегибиз. Эгер биз бүгүн жаш муундарга туура багыт көрсөтүп,
жакшы таалим-тарбия берсек, алардын келечеги кеӊ болот, башкаларга тең болот. Биз
азыртан баштап балдарды спортту сүйүүгө, адамзат баалуулуктарын өздөштүрүүгө көмөк
көрсөтүп, өз өлкөсүнүн чыныгы атуулдары болуп жетилүүсүнө шарт түзүшүбүз керек. Азыр
бул багытта иштиктүү аракеттер жасалууда. Заман талабына жараша заманбап ой жүгүртүп,
аны менен тең кадам таштоо аракетиндеги замандаштарыбыздын катары калыңдап
баратканы ушундан улам чыгар.

Биз баарыбыз байгер өлкө келечегин түптөп, анын татыктуу уулдарын тарбиялап,
байыртан келаткан улуттук өнөрүн улап, аны жалпы журт келечегине жалгап жатабыз.
Кыргызстандын келечеги – ден соолугу чың, акылы тунук, абийирдүү, ак менен караны
ажырата билген, намыскөй жана кайраттуу жаштардын колунда. Муну ар бир кыргыз
жараны эгерим эстен чыгарбоого тийиш.

Кошумча маалымат иретинде:

АКШнын Нью-Йорк шаарында Американын ордо оюну боюнча III чемпионатындагы
эки аптага созулган таймаштын жыйынтыгында төмөндөгү командалар менен
оюнчулар атайын байгеге ээ болушту: Огайо штатынын курама командасы – 1-орун,
“Мурас” командасы – 2-орун, ал эми Огайо штатынын өкүлү Атабеков Эржан
мыкты чертмекчи, Нью-Йорк штатынын өкүлү Илгиз Айталы уулу мыкты оюнчу
аталды.

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер