ОНЛАЙН КАБЫЛ АЛУУНУН II ТУРУНА КАТЫШКАН АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН ЭСКЕРТҮҮ!
- 30.08.2020
- 0
ЖОЖдорго онлайн кабыл алуунун II туруна катышып, анын жыйынтыгы менен окуу жай тарабынан тигил же бул адистик боюнча билим алууга сунушталган тизменин катарындагы абитуриенттерге эскертебиз!
Урматтуу абитуриент, сиз 1-август, саат 17:00гө чейин сунушталган окуу жайда билим ала турганыңызды тастыкташыңыз керек. Эгер сиз ал окуу жайда билим алуу оюңуздан кайтсаңыз, жиберген өтүнмөңүздү 1-август, саат 17:00гө чейин кайтарып алууңуз шарт. Бул учурда сиз III турга катыша аласыз.
1-август, саат 17:00гө чейин II турда окуй турганыңызды тастыктаган абитуриент III турга катыша албайт.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер