ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ЧЫГАРГАН МЕКТЕП – ИЙГИЛИКТИН ОЧОГУ
- 07.04.2026
- 0
Бүгүнкү күндө мектептин ийгилиги көп учурда анын жетекчисине байланыштуу. Айрыкча олимпиада жеңүүчүлөрүн тарбиялап чыгарууда директордун орду абдан чоң. Мындай директор жөн гана башкаруучу эмес, ал окуучуларга багыт берип, мугалимдерге колдоо көрсөтүп, мектепти ийгиликке жетелеген чыныгы лидер болуп саналат.
Мына ушундай лидерлерден бири Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы №17 жалпы билим берүү мектебинин директору Садыкова Айжаркын Эргешбаевна. Олимпиада жеңүүчүлөрүнө салым кошкон директор эң оболу билим сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду. Ал мугалимдер үчүн бардык шарттарды түзүп, алардын кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөттү. Директор кол астындагы жооптуу бөлүм башчыларына өз тапшырмаларын берип, мыкты аткарууну талап кылды.
Мектептеги билим берүүнун сапатын жогорулатууда дагы окуу бөлүмүнүн башчысы Борубаева Майсара Курсанбековна мугалимдер менен тыгыз иштешип, таланттуу окуучуларды аныктап, аларды терендетилген окутууга багыттатып –ийгиликке чоң салым кошту. Бул окуу жылында дагы мыкты ийгиликтер коштоп, педагогикалык жамаат кубанып турган кези
Билим берүүнүн мыктысы Цой Тамара Семеновнанын шакирт кызы Мукарамова Гулзат даярдаган 11-класс окуучусу Охунова Аселя англис тили предметинен катышып, облустук олимпиядада 2-орунду алып, республикалык олимпиядага катышып келди.
Орус тили мугалими Молдобаева Гульнара Ташбалтаевна даярдаган 10-класс окуучусу Токтобаева Аделина облустук олимпиадада байгелүү 3-орунга ээ болду. Ал эми Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулунун 5-6-класстар арасында уюштурган «Акимдин предметтик олимпиадасы» 14-мартта аймактык туру өткөрүлүп, 15 окуучу райондук турга жолдомо алышты.
Мындан тышкары кошуна республикаларда, соцтармактардагы онлайн конкурстарга дагы окуучулар мыкты катышып, диплом жана байгелуу сыйлыктарды алып келишти.
Ар бир ийгиликтин артында мугалимдин мээнети жана ишенимдүү колдоосу турат. Олимпиадада жетишилген ийгиликтер – бул бир гана окуучунун же мугалимдин эмес, жалпы мектеп жамаатынын эмгеги.
«Жаш манасчылар» кароо-сынагынын областтык турунда болсо Гожошов Баязит эң мыкты айткан 10 окуучунун катарында тандалып, КТРК нын эфирине катышмай болду.
Директор окуучулардын ийгилигин ар дайым баалап, аларды шыктандырып турат. Жеңишке жеткен окуучуларды сыйлап, аларды коомчулукка таанытып, чоң мотивация берип келет.
Мамажанова Лобар Буриевна
Комментарийлер