Олимпиада чемпиону мектепте мейманда

  • 12.02.2026
  • 0

Бишкектеги 87 жалпы билим беруу мектебинде өзгөчө жана эсте кала турган жолугушуу болуп өттү. Конок — кыргыз элинин сыймыгы, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев болду. Ал 1980-жылы Москва шаарында өткөн Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп, спорт тарыхында чоң из калтырган.

Олимпиада чемпиону мектепте мейманда

Жолугушуу «Маданият» усулдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, окуучулар үчүн чоң мотивация жана дем берүүчү иш-чара болду. Чемпион өзүнүн спорттук жолу, ийгиликке жетүү үчүн эмгек, сабырдуулук жана максатка умтулуу канчалык маанилүү экенин айтып берди.

Мындай жолугушуулар жаштарга дем берип, келечекке болгон ишенимин арттырат.

Олимпиада чемпиону мектепте мейманда

АТЫҢ КАЛДЫ ТАРЫХТА

Тарыхына из калтырып кыргыздын,
Чоң мелдеште аты чыккан сен болдуң.
Эл журтуңдун ишеничин актайм деп,
Ар күн сайын миң толгонуп ойлондуң.

Олимп оюну сексенинчи жылдагы,
Сенин баркың туу чокуга чыкканы.
Алып келип чемпиондук наамды,
Ата журттун болдуң өзүң сырттаны.

Атың коюп ак сарайга өзүңдүн,
Кут болсунчу элдин берген белеги.
Урпактарың утуп дайым мелдеште,
Кыргыз элдин желбиресин желеги.

Эли журтуң сыймыктанат Каныбек,
Куп жарашат бир өзүңө мактоо кеп.
Кадыр баркын жогорулап мындан да,
Ден соолукта узак өмүр сүрүп өт.

Болотбек Белеков, чемпиондун курсташы, билим берүүнүн ардагери

Бөлүшүү

Комментарийлер