ОКУУЧУСУН СУКТАНДЫРГАН МУГАЛИМ

  • 29.02.2024
  • 0

ОКУУЧУСУН СУКТАНДЫРГАН МУГАЛИМ

Балыкчы шаарындагы З. Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын       химия жана биология мугалими Аида Ибраимова сүйүктүү мугалим, баатыр эне. Анын окуучулары олипиадада дайыма алдыңкы орундарды ээлеп, учурда мыкты медицина кызматкерлери. Окуучуларынын мыкты аталганынын себеби, өзгөчө ыкма менен сабак өткөндүгүндө.

Бирок Аида Ибраимованын бала кезиндеги кыялы дарыгер болуу эле. Себеби апасы боор оорусуна чалдыгып, дарыланып жүргөнүн көрүп өскөн. Мындан улам ушул кесипти тандап, бирок окууну бүткөндө Медициналык академияга тапшыра албай. И.Арабаев атындагы КМУнун химия, биология факультетине окууга кабыл алынган.

  • Ал кезде үйдөгүлөрдүн «окуп ал» деген пикири жана өзүмдүн кийин медициналык училищеге тапшырам деген оюм менен окуп калгам. Тилекке каршы, 3-курста окуп жатканда апам каза болду. Мен болсо окууну аяктап, мугалим болуп иштеп калдым. Чындыгында, жакындарым мени туура жолго багыттаптыр. Кудай да мени болочоктогу мыкты дарыгерлерди даярдоого себепкер болсун деген тура. Балдар менен бат тил табышып, өзүнчө ырахаттанып иштедим. Алар сенден жакшы маалыматтарды күтөт. Андыктан сабактын кандай башталып, кайра кантип убакыт аяктап калганын байкабай калам. Өзгөчө жаш кезимде дем алыш, каникул күндөрү да мектепте иштей бергим келчү. Азыр мугалимдер майрамы болгон сайын ушул кесипти тандаганыма сыймыктанам, сүйүнөм. Эч качан өкүнгөн жокмун, – дейт каарманыбыз.

Мугалимдин алгачкы эмгек жолу Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунда башталган. Институттагы кесиптеш агай-эжейлери жаш адистин кичинекей кылган нерсесин чоң кылып кабыл алып, жакшы сөздөрүн айтып, ар тараптан колдоп турган. Бул ага чоң мотивация берип, сүйүнүп иштеген экен. Институтта бир жарым жыл эмгектенип, 1999-жылдан тартып Нарын районунун Жанбулак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектебинде химия мугалими катары 15 жыл эмгектенген. Эжейдин окуучуларынын дээрлик баары химия сабагынан өткөрүлгөн райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орунду ээлейт.

Аида Ибраимованын айтымында, олимпиадага окуучуларын даярдап жатканда өзү кошо изденип отуруп көп маалымат алат. Бир гана химия багытында эмес, башка предметтерде болуп жаткан өзгөрүүлөр, жаңылыктардын баарын топтоп, өз предметине байланыштырып пайдаланат. Мектептен алган билимди бала үйүндө, турмушта практика жүзүндө колдоно алса, ошол билим деп эсептейт.

Ошондой эле каарманыбыз китеп окуу боюнча конкурстарга байма-бай катышып турат. Мындан сырткары, өзү музыкалык мектепте жети жыл билим алганы да мугалимдик ишинде жемиштүү иштөөгө өбөлгө түзөт. Мисалы, сабак учурунда музыкалык аспаптарда ойноп, бала менен кошо бала болуп  ырдап, бийлейт. Ар бир химиялык элементке ыр жазып, аларды адамдардын касиеттерине салыштырып сабак өтөт.

“Азыркы замандын балдарына өзгөчө ыкма керек. Ошондуктан учурдун талабына ылайык, мугалимдерди PISA, STEM боюнча даярдоо керек. Балдарды телефондон алыстатып, сабакка кызыктыруу абзел. Ал үчүн мугалимдер өзгөчө усулдарды колдонуп, оюн түрүндө болобу, башкача ыкмаларды колдонуп кызыктыруу зарыл”, – деген мугалим сабагында эксперименттерди жасап, атайын халат кийип бирге иштегенди окуучулары да жактырарын айтып берди.

Аида Ибраимова тогуз баланын мээримдүү апасы. Эки баласы медицина тармагын тандап, учурда адистиги боюнча окуп жатат. Карьера артыңда колдоп турган үй-бүлөң бар болсо гана жасалат. Биздин каармандын артында колдогон жолдошу, бир туугандары, кайын журту бар. Алар оорун колдон, жеңилин жерден алып жардам берип, моралдык жактан дем-күч берип турат.

Агартуучунун бүтүрүүчүлөрү да мугалиминин берген билимин, мээнетин актап, азыр көбү алдыңкы дарыгер, тиш доктур болуп иштеп жатышат. Эжейинин жолун жолдоп, мугалим болгондор да бар. Алардын бири  – Таалайкүл Токтобекова. Ал 2008-жылы Жанбулак айылындагы мектепти бүтүрүп, Илимдер академиясында политология жана саясий илимдер бөлүмүндө  аспирантурда билим алган. 2020-жылы Россиядагы Синергия университетинде граждандык укук боюнча магистратурада окуп, юрист кесибине ээ болгон.  РФнын Президентинин иш башкармалыгында туризм багыты боюнча иштейт. Англис, түрк, француз тилдеринен балдарга репетитор.

Таалайкүл Токтобекованын айтымында, мугалиминин окутуу ыкмалары адаттан тыш, шыктандырат. Ал теорияны гана түшүндүрбөстөн, музыканын жана адабияттын элементтерин сабактарга киргизип, жеткиликтүү жана кызыктуу өтөт.

– Аида эже 5-класстан баштап биздин класс жетекчибиз болду. Ар ишемби күнү сабактан кийин бизде класстык саатты үзгүлтүксүз өтүп, кызыктуу тематикалык сабактарды түшүндүрчү. Мисалы, Желек күнү же Космонавтика күнү сыяктуу түрдүү иш-чараларга даярдануу боюнча тапшырмаларды бөлүп берчү. Ар түрдүү сценарийлерди ойлоп чыгарып, иш-чараларга активдүү катышчубуз. Биз бул иш-чараларда билимибизди жана жөндөмүбүздү бекемдеп, чыгармачыл ой жүгүртүүгө көнүгүп, өнүктүргөн экенбиз.

Аида Карыпбаевна ар бирибиздин патриоттук духубузду кантип көтөрүүнү жакшы билчү. Бизди чоң жана ынтымактуу команданын бир бөлүгү катары сезиш үчүн колунан келгендин баарын жасады жана бул тажрыйба мени жаңы идеяларды издөөгө жана адаттан тыш долбоорлорду түзүүгө шыктандырды. Анын химиялык кечелери чыныгы шедевр, өзү сценарий, ыр жазып сабак өтчү. Жаштыгына карабай окуучуларынын химия дүйнөсүнө болгон кызыгуусун калыптандырууга салым кошту. Аида эже мага билим гана бербестен, чыгармачылык, уюштуруучулук жөндөмүмдү өнүктүрдү. Анын сабактары өмүр бою мени менен бирге болуп, карьерама жана жеке өнүгүүмө таасирин тийгизүүдө, – дейт окуучусу.

Мугалимдин артыкчылыгы – ар бир окуучунун жеке муктаждыгын көрө билип, ийгиликке жетүү үчүн тоскоолдуктарды жеңе билүүсүнө жардам бергенинде. Билимди ар түрдүү ыкмада окуучуга жеткирип, жыйынтыгы жемиштүү болгондо сый-урматка татып, иши илгерилеп, тарыхта калат. Бүгүнкү биздин каарманыбыз бул жаатта жаштыгына карабай үзүрлүү эмгектенүүдө деп айта алабыз.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер