ОКУУЧУЛАРГА ЖАҢЫ АШКАНА
- 23.01.2019
- 0
Нарын районунун Д.Мамбетов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы ашкана иштеп баштады.
Маалым болгондой, мектептин эски имараты оңдоодөн өтүп, балдар тамак ичүүчү ашканага ылайыкталып жасалгаланды.
- Ашкананы жасалгалоого жалпы 1 миллион 500 миң сом жумшалды. Акча каражаты мамлекеттин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каралды. Эми балдар жумасна төрт күн ысык тамак ичип, бир маал ботко жешет. Ал эми ашканага керектүү заманбап жабдыктарды демөөрчүлөр алып беришкен. Ошондой эле ата-энелердин эсебинен айына 100 сомдон берилип турат. Учурда мектепте 125 балага ысык тамак берилүүдө, — дейт аталган мектептин директору Айгүл Молдобаева.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер